Сурап-билүү

  • КЭК ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Адатта, бардык юридикалык жана финансалык маанилүу документтерди биз жеке колубузду коюп далилдейбиз, ал эми документ уюмга тиешелүү болсо, ага мөөр да басуу зарыл. Ошондо гана бул документтер юридикалык күчкө ээ болот.

    Квалификацияланган электрондук колтамга жеке кол тамгага тең каралганы менен уникалдуу, ал эми юридикалык жактар үчүн ал кол тамганын да, мөөрдүн да ордуна колдонулат.

  • КЭК ЭМНЕГЕ ОКШОШ?

    КЭКтин ээси жөнүндө негизги маалыматты иштеп чыгуунун жыйынтыгында пайда болгон символдордун тизмеси, б.а. КЭКтин сырткы көрүнүшү узун штрих-кодго окшош, ал эми кээ бир мамалекеттик органдар үчүн ага графикалык код да кошулат.

  • КЭКти КОЛДОНУУНУН МЫЙЗАМЧЕНЕМДҮҮЛҮГҮ

    Кыргыз Республикасында КЭК колдонуунун закон ченемдүүлүгү кийинки документтерге негизделген: “Электрондук кол тамга жөнүндөгү” КР Мыйзамы, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР Мыйзамы, "Электрондук башкаруу жөнүндө" КР Мыйзамы, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР Мыйзамы.

    Биздин өлкөдө, КЭКти колдонуу менен финансалык отчеттулукту кабыл алуучу мекемелер: КР Мамлекеттик салык кызматы жана КР Улуттук статистика комитети.

  • КҮБӨЛӨНДҮРҮҮЧҮ БОРБОР (КБ) ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Күбөлөндүрүүчү борбор – бул "DOS ТЕК GROUP" МЧКдун, КЭКтерди иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана конкреттүү КЭК таандыгын күбөлөндүрүү укуктарына ээ болгон, бөлүмү. Кыргызстанда “Инфоком” Мамлекеттик мекемесинин да Күбөлөндүрүүчү борбору бар.

  • КАНДАЙ КЭК ТАНДОО КЕРЕК?

    Нөлдүү отчетторду тапшыруучу уюмдар - жетекчилик КЭК (1510 сом).

    Бухгалтери жок иштөөчү уюмдар - жетекчилик КЭК (1510 сом) жана бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчилик КЭК (1420 сом).

    Бухгалтери бар уюмдар - жетекчилик КЭК (1510 сом) жана бухгалтердик КЭК (1420 сом).

    5 уюмга чейин бухгалтердик тейлөө жүргүзүү - жетекчилик КЭК (1510 сом) жана бухгалтерге комплекстик КЭК (1800 сом).

    6дан 10 уюмга чейин бухгалтердик тейлөө жүргүзүү - жетекчилик КЭК (1510 сом) жана бухгалтерге комплекстик (2000 сом).

    Чектелбеген сандагы уюмдарга бухгалтердик тейлөө жүргүзүү - жетекчилик КЭК (1510 сом) и бухгалтерге комплекстик лимитсиз ЭКТ (2350 сом).

  • КОМПЛЕКТИК КЭК ЖӨНҮНДӨ КЕНЕНИРЭЭК

    Комплекстик КЭКтин бардык түрлөрү юридикалык жана жеке жактардын бухгалтердик тейлөөсүн жүргүзгөн уюмдар менен бухгалтер үчун иштелип чыккан.

    КЭКтин мындай түрун тандаган бухгалтер, жетекчилик КЭК тейленип жаткан уюмдун жетекчисине катталаарын билиши зарыл. Эгер катталуу учурунда бухгалтердин 2ден ашык тейленүучү уюм болсо, комплекстик КЭКтин тийиштүу түрүн алса болот. Кийин тейленбей калган уюмду алып салып, жаңы уюмду кошууга мүмкүнчүлүгу бар. Жаңы кошулган уюмду каттоодо, анын жетекчисине гана КЭК алып, аны өзүнүн комплекстик КЭКне коштурат. Мындай ыкма менен 1 комплекстик КЭК, түрүнө жараша:

    • 5 уюмга чейин;
    • 6дан 10 уюмга чейин;
    • ченемсиз сандагы уюмдарды (комплекстик лимитсиз КЭКке) кошууга болот.
  • КЭКти КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

    Отчеттуулукту электрондук түрдө тапшыруу үчүн катталуунун 2 түрүнүн бирин тандап, өтүү керек: компаниянын кеңсесинде катталуу жана онлайн катталуу (алыстан). Катталуунун ар бир түру боюнча кененирээк маалыматты кийинки шилтемелер аркылуу окуса болот:

    Отчеттулук системасы – компаниянын кеңсесинде катталуу;

    Отчеттулук системасы – онлайн катталуу (алыстан).

  • КЭК КАНЧА ТУРАТ?

    Рутокен жеке сактагычына жаздырылуучу КЭК - 1200 сом (колдонуучунун сактагычына жаздырылууда).
    Булуттагы сактагычка берилүүчү КЭК:
    - Жетекчилик КЭК – 1510 сом;
    - Бухгалтердик КЭК – 1420 сом;
    - Бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчилик КЭК – 1420 сом;
    - Комплекстик КЭК (5 уюмга чейин) – 1800 сом;
    - Комплекстик КЭК (6дан 10 уюмга чейин) – 2000 сом;
    - Комплекстик, лимитсиз КЭК – 2350 сом

  • КЭК ҮЧҮН КАНТИП ТӨЛӨӨ КЕРЕК?

    Колтамганын төлөмүн 2 жол менен жүргүзүүгө болот:

    • банк аркылуу алдын ала которуу – төлөө коддору 42151410, 42122990;
    • кассага накталай..

    Колтамга үчүн башка жолдор менен (терминал, электрондук капчык) төлөө, катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүу.

  • КЭК КИМГЕ КАТТАЛАТ?

    Жетекчинин колтамга уюмдун жетекчисине катталат;
    Бухгалтердин колтамгасы уюмдун бухгалтерине катталат;
    Бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчинин колтамгасы уюмда бухгалтер каралбаган учурларда, бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчиге катталат;
    Комплекстик колтамганын бардык түрлөрү уюмдун бухгалтердик тейлөөсүн аткаруучу бухгалтерге катталат.

  • КЭК КАНЧА УБАКЫТКА БЕРИЛЕТ?

    КЭК 12 айлык мөөнөткө берилет. Эгер паспорттун мөөнөтү 12 айдан аз болсо, КЭК паспорттун мөөнөтү аяктаган күнгө чейин берилет.

  • КЭКтин КУЛПУЛАНУУСУ

    Эгер каалаган системага кирүүдө, ПИН-код (пароль) туура эмес терилсе, КЭК блокко түшөт.
    ПИН-кодду калыбына келтирүү үчүн, “ДОС ТЭК ГРУПП” кеңсесине ПИН-кодду калыбына келтирүү боюнча расмий кат, ПИН-код алууга ишеним кат жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү менен келүү зарыл,
    Эгер СОчИ системасына булуттагы КЭК менен кирүудө колдонуучу 5 туура эмес аракет жасаса, бир суткадан кийин аракеттердин саны жокко чыгарылат. Саат 00.00дөн кийин колдонуучуда дагы 5 аракетке мүмкүнчүлүк пайда болот.

  • КЭК ҮЧҮН АКЧА КАЙТАРЫЛАБЫ?

    КЭК үчүн төлөнгөн акча, ал иштелип чыгарыла элек болсо, кайрылып берилиши мүмкүн. Эгер КЭК иштелип чыгарылган болсо, төлөнгөн акча кайтарылбайт.