Сурап-билүү

  • АКЫРКЫ ОТЧЕТТУК КҮНҮ СААТ КАНЧАГА ЧЕЙИН ОТЧЕТ ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

    Акыркы отчеттук күнү СОчИ системасы аркылуу отчетту 23 саат 50 мүнөткө чейин жөнөтсө болот. Мамлекеттик органдар электрондук отчетторду акыркы отчеттук күндүн 00 саат 00 мүнөткө чейин кабыл алат, бирок интернет тармагында байланыш кыска мөөнөттүү үзүлүүлөргө учурашы мүмкүн экендигин эске алганда, отчетту жогоруда аталган убакытка чейин жөнөтүү сунушталат.

  • ОТЧЕТТОРДУН СТАТУСТАРЫ: ОТЧЕТ КАБЫЛ АЛЫНДЫБЫ ЖЕ ЖОКПУ?

    СОчИ системасы аркылуу жөнөтүлгөн отчеттордун статусун ар бир колдонуучу “Отчеттуулук” (“Отчетность”) бөлүмүндөгү архивден көрө алат.

    Статустардын 2 түру болот, алар боюнча отчеттордун жеткирилүү жана текшерүү абалдарын билүу мүмкүнчулүгү бар.

    1. Жеткирилүү статустары:

    Жөнөтүүнү күтүүдө – отчет системадан жөнөтүлө элек, мындай статус 10-15 мүнөттүн ичинде өзгөрүлөт;

    Жетекчинин текшерүүсүн кутүүдө – отчет жетекчинин ЭКТсы коюлгандан кийин жөнөтүлөт;

    Бухгалтердин текшерүусүн күтүудө - отчет бухгалтердин ЭКТсы коюлгандан кийин жөнөтүлөт;

    Төлөмдү күтүүдө – отчет колдонуучунун жеке балансы жетишээрлик суммага толукталгандан кийин жөнөтүлөт;

    Жөнөтүү токтотулган – отчеттун жөнөтүлүшү жетекчи же бухгалтердин суранычы боюнча токтотулган;

    Жеткирилген – отчет мамлекеттик органдын системасына жеткирилген.

    2. Текшерүү статустары:

    Кураторлук тиркемеде (К/П) текшерүүнү күтүудө – отчет мамлекеттик органдын куратору тарабынан текшерүүнү күтүүдө;

    Кабыл алынган – отчет мамлекеттик органда кабыл алынган;

    Четке кагылган – отчет каталар менен түзүлгөндүгү, туура келбеген форманы же түрүн колдонулганы, башка районго жөнөтүлгөнү үчүн четке кагылган.

  • ОТЧЕТТУН ЖӨНӨТҮЛГӨНҮН ДАЛИЛДӨӨЧҮ ДОКУМЕНТТИ КАЙДАН ЖАНА КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

    Отчеттун мамлекеттик органга жөнөтүлгөнүнүн далили болуп, “Документ электрондук түрдө кызмат көрсөтүү оператору менен кабыл алынгандыгы жөнүндөгү квитанция” эсептелет. Квитанцияда, жөнөтүлгөнү ырасталгандан тышкары, жөнөтүлгөн мамлекеттик орган, жөнөтүлүү күнү, убактысы, отчет тапшырган компаниянын реквизиттери жана отчеттун системадагы номери көрсөтүлгөн.

    Квитанцияны СОчИ системасындагы “Отчеттуулук” бөлүмүндө, жөнөтүлгөн отчеттордун архивинде жүктөп, басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Квитанцияны ачуу үчүн керектүү отчеттун тушундагы “Көрсөтүү” баскычын басуу керек.

  • ОТЧЕТТУН ЧЕТКЕ КАГЫЛЫШЫНЫН СЕБЕБИН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

    Эгер отчет “Четке кагылган” статусунда болсо, анда анын себебин системанын “Отчеттуулук” бөлүмүндөгү архивден, отчеттун тушундагы “Көрсөтүү” баскычын басуу менен ачып, “Каталар жөнүндөгү маалымат” баракчасынан көрсө болот.

  • ЖӨНӨТҮЛГӨН ОТЧЕТТОРДУ КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ?

    СОчИ системасы аркылуу жөнөтүлгөн бардык отчеттор, “Отчеттулук” бөлүмүндөгү "Архив" бөлүгүндө жайгашкан. Ал жерден отчетторду көрүп, жүктөп жана басып чыгарса болот.

  • КОМПАНИЯ ОТЧЕТТОРУН 1 ГАНА МАМ.ОРГАНГА ЖӨНӨТСӨ БОЛОБУ?

    СОчИ системасын колдонгон ар бир компания, мамлекеттик органдардын түрүн жана санын өз алдынча тандоого укуктуу.

  • ОТЧЕТ БАШКА РАЙОНГО ЖӨНӨТҮЛҮП КАЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

    Эгер колдонуучу отчетун адашып башка районго жөнөтүп алса, кардарларды техникалык колдоо кызматы менен 0312 960 888 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу байланышуусу зарыл. Өз убагында кайрылган учурларда, отчеттун жөнөтүлүшүн токтотуп коюу мүмкүн.

    Эгер отчет мамлекеттик органга жеткирилип калса, анда районунун туура келбестигинен четке кагылат, ал эми колдонуучу отчеттун районун тууралап, кайра жөнөтүүсү керек.

    Ошондой эле, башка районго жөнөтүлгөн отчет кабыл алынышы мүмкүн. Анадй учурда ошол эле районго нөлдүү көрсөткүчтөр жазылган тактоочу отчет жөнөтүү керек. Тактоочу отчеттун айы туура эмес жөнөтүлгөн отчеттун айы менен окшош болушу харыл.

  • ЭГЕР ЖӨНӨТҮЛҮҮЧУ ОТЧЕТТОРДО УЮМДУН ТУУРА ЭМЕС РЕКВИЗИТТЕРИ КӨРСӨТҮЛГӨН БОЛСО?

    Туура эмес көрсөтүлгөн реквизиттерге жараша, колдонуучу office@dostek.kg дарегине туура реквизиттерди далилдеген документтин көчүрмөсүн жөнөтүп же документти компаниянын кеңсесине алып келүүсү керек.

    Кайрылгандан кийин жөнөтүлгөн отчеттордо гана туура реквизиттер көрсөтүлөт.

  • ФАЙЛДЫ ОТЧЕТТУК ФОРМАГА КАНТИП ЖУКТӨСӨ БОЛОТ?

    Системадагы ар бир отчеттук форманын биринчи бетинде “Файлды тандаңыз” баскычы бар, аны басуу менен колдонуучу өзүнүн компьютеринде жайгашкан файлды отчеттук формага жүктөсө болот.

    Жүктөлгөн файлдагы берилмелер отчетто туура көрсөтүлүшү үчүн, ошол эле беттеги “Шаблонду жүктөө” баскычын басуу менен атайын шаблонду сактап алуу керек.

    Бул тууралуу кененирээк маалыматты сайттын “Сурап-билүү”- “Колдонмолор” бөлүмүнөн же кийинки шилтеме аркылуу окуса болот: Шаблондорду жүктөө боюнча колдонмо.

  • EXCEL-ФАЙЛ ОТЧЕТТУК ФОРМАГА ЖҮКТӨЛБӨЙ ЖАТСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

    Файлды отчеттук формага ийгиликтүу жүктөө үчүн, жүктөлгөн шаблондогу саптар менен мамычаларды жок кылып же ордун алмаштырууга болбойт. Бош мамычаларды гана толтуруп, алардын астына жаңы саптарды кошууга болот.

    Андан тышкары, мамычалардын форматын сактоо керек:

    1. Дата жазылган мамычалар – «Дата» форматында 01.01.2016 үлгүсүндө болуу керек;
    2. Суммалар жазылган мамычалар – 2 белгиси бар «Числовой» форматында болуу крек;
    3. Калган мамычалардын баары, документтердин коддору менен номерлери жазылгандары менен кошо «Общий» форматында болуу керек..

    Эгер жогоруда аталган талаптардын баарын сактагандан кийин, файл дагы эле формага жүктөлбөй жатса, Техникалык колдоо кызматына 0312 960 888 номери же office@dostek.kg дарегине кайрылуу зарыл.

  • ОТЧЕТ ТУЗҮЛҮП, ЭСЕПТЕЛГЕНДЕН КИЙИН “ЖӨНӨТҮҮ” (“ОТПРАВИТЬ”) БАСКЫЧЫ КӨРҮНБӨЙ ЖАТСА?

    Мындай учурларда, түзүлгөн отчеттун каталарын текшерүу керек.

    Эгер каталар жок болсо, бирок “Жөнөтүү” баскычы дагы эле пайда боло элек болсо, Техникалык колдоо кызматына 0312 960 888 номери же office@dostek.kg дарегине кайрылуу зарыл.

  • ЖЕТЕКЧИНИН ЖЕ БУХГАТЕРДИН ЭКТсы ЖЕТИШПЕГЕН ОТЧЕТКО КАНТИП КОЛ КОЙСО БОЛОТ?

    Жетекчинин же бухгалтердин ЭКТсы жетишпеген отчетко кол коюу үчүн, Жеке кабинеттеги “Кол коюлуучу отчеттор” (“Отчет на подпись”) бөлүгүн ачуу керек. Бул бөлүктөгү отчеттордун тизмеси жогорудан төмөн карай жайгашат, андыктан акыркы отчеттор тизменин төмөн жагында болот.

    Керектүу отчеттун тушунданы “Көрсөтүу” баскычын басып, ачылган отчетту текшерип, “Кол коюу” баскычын басуу керек. Ийгиликтүу жөнөтүлгөн отчеттун далили катары, “Отчет ийгиликтүу жөнөтүлдү” жазуусу көрүнөт.

  • БАШТАПКЫ ОТЧЕТТОРДУ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ

    1. Баштапкы отчет, буга чейин башка жолдор менен (кагаз жана электрондук түрдө да) бапшырылбаган учурларда, тапшырылышы керек.
    2. Кандай бир аракет жасоого чейин баштапкы отчеттун кабыл алуусу боюнча жыйынтыгын күтүу керек (отчетту текшерүунүн узактыгы СОчИ менен МСК системаларынын жүктөлгөнүнө жараша, 3 мүнөттөн бир нече күнгө чейин талап кылышы мүмкүн).
    3. Эгер архивде баштапкы отчет боюнча “Кабыл алынган” статусу пайда болсо, анда ал текшерилип, ийгиликтүу кабыл алынды.
    4. Эгер архивде “Четке кагылган” статусу пайда болсо, анда отчет кандайдыр-бир себептер менен четке кагылган (“Бул мөөнөт боюнча отчет тапшырылган” себебинен тышкары).

    Кийинки аракеттер:

    • Каталарды оңдоо.
    • Баштапкы отчетту кайра жөнөтүу.
    • Кайра жөнөтүлгөн баштапкы отчеттун жыйынтыгын күтүу керек. Эгер кайра жөнөтүлгөн баштапкы отчет да четке кагылса, көрсөтулгөн каталарды оңдоп, баштапкы отчетту дагы жөнөтүу керек.
    • Баштапкы отчеттор кайра оңдолуп, толук кабыл алынуусуна чейин, жөнөтүлө берет.

    Негизги шарт: ар бир жөнөтүлгөн отчеттун жыйынтыгын алгандан кийин – кийинкисин жөнөтүү.

  • ТАКТООЧУ ОТЧЕТТОРДУ ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ

    1. Эгер тактоочу отчетту жөнөтүу керек болсо, ошол отчеттук мөөнөт боюнча кабыл алынган баштапкы отчеттун сөзсүз болушу зарыл. Ошондо гана тактоочу отчетту жөнөтүугө болот.
    2. Тактоочу отчеттор каалаган отчеттук мөөнөткө, каалаган өлчөмдө жөнөтүлө берет. Тактоочу отчетторду чектөөчү мөөнөт – салык текшерүусү жүргүзүлгөндөн - кийинки текшерүугө чейин.
  • ЭГЕР ЖӨНӨТҮЛГӨН ОТЧЕТТОР “ТЕКШЕРҮУНҮ КҮТҮҮДӨ” СТАТУСУНДА КӨПТӨН БЕРИ ТУРСА?

    Эгер жөнөтүлгөн отчет “Текшерүунү күтүүдө” статусунда көптөн бери турушу – анын мамлекеттик органга жеткирилгенин жана куратор тарабынан текшерүуңу күтүүдө экенин билдирет.

    Мындай учурларда, катталган райондук МСК башкармалыгынын кураторуна кайрылуу керек.

    Кураторлордун байланыш телефондору:

    • Ленин району 64-58-53
    • Октябрь району 46-26-61
    • Биринчи май району 62-21-73
    • Свердлов району 69-61-89
    • Аламүдүн району 33-74-37
    • Ысык-Ата району (03132) 5-10-15
  • ЭГЕР ОТЧЕТ ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ ТАПШЫРЫЛБАСА?

    СОчИ системасындагы “Отчеттуулук” болүмүндө, ар бир мамлекеттик органдын бөлүгүндө электрондук түрдө жөнөтүүгө жеткиликтүу болгон отчеттук формалардын тизмелери бар. Ар бир форманын тушунда ал отчетту электрондук түрдө тапшыруунун акыркы күнү көрсөтүлгөн.

    Эгер отчет акыркы отчеттук күндөн кеч жөнөтүлгөн болсо, анда салык төлөөчү мамлекеттик орган тарабынан штрафтык санкцияларга тартылышы мүмкүн.

  • ЭГЕР БАШТАПКЫ ОТЧЕТ ЧЕТКЕ КАГЫЛСА, АНЫ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ТАПШЫРСА БОЛОБУ?

    Эгер жөнөтүлгөн баштапкы отчет четке кагылган болсо, колдонуучу көрсөтүлгөн каталарды оңдоп, баштапкы отчетту кайрадан, ал толук кабыл алынганча жөнөтө берсе болот.

    Отчеттун четке кагылганынын себебин, жөнөтүлгөн отчеттордун архивинен “Көрүү” (“Просмотр”) баскычын басып, “Каталар жөнүндө маалымат” баракчасынан билсе болот.

  • ЭГЕР EXCEL-ФАЙЛДЫ ОТЧЕТТУК ФОРМАГА ЖҮКТӨГӨНДӨ ДАТАЛАР, СУММАЛАР ӨЗГӨРҮЛСӨ?

    Файлды отчеттук формага ийгиликтүу жүктөө үчүн мамычалардын форматын сактоо керек:

    1. Дата жазылган мамычалар – «Дата» форматында 01.01.2016 үлгүсүндө болуу керек;
    2. Суммалар жазылган мамычалар – 2 белгиси бар «Числовой» форматында болуу крек;
    3. Калган мамычалардын баары, документтердин коддору менен номерлери жазылгандары менен кошо «Общий» форматында болуу керек.

    Эгер жогоруда аталган талаптардын баарын сактагандан кийин, дата менен суммалар дагы эле өзгөрүлүп жатса, Техникалык колдоо кызматына 0312 960 888 номери же office@dostek.kg дарегине кайрылуу зарыл.

  • ЭМНЕГЕ КВИТАНЦИЯДА, ФОРМАДА ЖАНА АРХИВДЕ ОТЧЕТТУ КАБЫЛ АЛУУ СТАТУСТАРЫ АР ТҮРДҮҮ?

    СОчИ системасы менен куратордук тиркемелердин денгээлинде кайра синхронизациялоо каралган эмес.

    Эгер мамлекеттик орган отчетту кайра кабыл алса, СОчИ системасындагы статусу өзгөрүлбөйт. Техникалык жактан, отчеттун Квитанцияда көрсөтүлгөн абалы туура болуп эсептелет.