Сурап-билүү

  • СОчИ СИСТЕМАСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

    СОчИ – бул Интернет аркылуу Отчет берүү Системасынын кыскартылган аталышы. Мындай системаны көп өлкөлөрдө колдонушат, бирок кыргызстандык иштеп чыгуучулар жараткан түрү ыңгайлуулугу, колдонуудагы жөнөкөйлүгү менен алардан айырмаланат жана Орто Азия аймагында системанын аналогдору жок.

  • СОчИ СИСТЕМАСЫ КАНТИП ИШТЕЙТ?

    СОчИ системасы аркылуу отчеттор кагаз түрүндө эмес, электрондук түрдө интернет аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жөнөтүлөт. Отчеттор корголгон каналдар менен шифрленген түрдө жеткирилгендиктен, маалыматтын жоголуп же башка бирөө тарабынан ачылаары жокко чыгарылат.

    Компаниянын жетекчисинин жана бухгалтеринин жеке кол тамгаларынын ордун электрондук документтерде квалификацияланган электрондук колтамга (КЭК) ээлейт. Салык төлөөчүлөрдүн отчетторун кабыл алуучу мамлекеттик органдардын электрондук системалары атайын кураторлук тиркеме (К/П) менен жабдылган. Кураторлук тиркемелерде КЭК текшерилет, б.а. система Сиздин берилмелериңизди аныктап, Сиздин отчетуңузду башкалардыкы менен алмаштырбайт.

  • СОчИ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН КАНТИП КОЛДОНУП БАШТОО КЕРЕК?

    СОчИ системасына 2 жол менен катталса болот: компаниянын кеңсесинен жана онлайн (алыстан).

    Катталуунун кандай жолун тандап алсаңыз да, анын алдында төмөнкү маалымат менен таанышуу керек:

    1. «DosTek group» компаниясы менен кардардын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу Айкын оферта келишиминин жана электрондук кол тамгаларды (ЭКТ) берүүчү Күбөлөндүрүүчү борбордун регламентинин мазмуну;
    2. Катталуу үчүн документтердин тизмеси;
    3. Компаниянын кызматтарынын тарифтери.
  • СОчИ СИСТЕМАСЫ АРКЫЛУУ ОТЧЕТТОРДУ ЖӨНӨТҮҮ КАНЧА ТУРАТ?

    Жыйынтыктагы сумма тапшырылуучу отчеттордун санынан, түрүнөн, жөнөтүлүү мөөнөтүнөн жана мамлекеттик органдардын санынан келип чыгат. Жылдык жана кварталдык отчеттордун убагында, сумма айлык отчетторду тапшыруучу айлардан жогорураак болушу мүмкүн. “Тарифтер” бөлүмүнөн эсептөө.

  • СОчИ СИСТЕМАСЫНЫН КЫЗМАТТАРЫН КАНТИП ТӨЛӨЙТ?

    Компаниянын кызматтары үчүн төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:

    1. Банк аркылуу которуу – төлөө коду 42151410 компаниянын реквизиттери;
    2. Накталай компаниянын кассасына – кеңсенин дареги;
    3. Терминал, мобилдик капчык, интернет-банкинг аркылуу – башка төлөө жолдору
  • КАЙСЫ МАМ.ОРГАНДАР ОТЧЕТТОРДУ ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ КАБЫЛ АЛАТ?

    СОчИ системасы аркылуу отчетторду электрондук түрдө кабыл алуучу мамлекеттик органдар:

    1. КР Мамлекеттик салык кызматы – республиканын бардык райондору боюнча;
    2. КР Социалдык фонду – республиканын бардык райондору боюнча;
    3. КР Улуттук статистика комитети –.Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча.
  • КАНДАЙ УЧУРЛАРДА КАЙРА КАТТАЛУУ КЕРЕК?

    Кийинки учурларда компаниялар сөзсүз кайра катталуусу керек:

    1. КЭКти колдонуу мөөнөтү аяктаганда (катталуу күнүнөн 12 айдан кийин);
    2. Уюмдун аталышы, ИНН алмашканда;
    3. Уюмдун жетекчиси, бухгалтери алмашканда;
    4. Уюмдун жетекчисинин, бухгалтеринин же башка кызматкерлердин паспорту алмашканда;
    5. Электрондук почта алмашканда.
  • УЮМ ОТЧЕТТОРУН 1 ЭЛЕ МАМ.ОРГАНГА ЖӨНӨТСӨ БОЛОБУ?

    СОчИ системасын колдонгон ар бир уюм, отчет тапшыруучу мамлекеттик органдын түрүн жана санын өз алдынча тандоого укугу бар.