Сурап-билүү

  • КЭК ЭМНЕ ҮЧҮН АТАЙЫН КАРАЖАТТАРДА САКТАЛАТ?

    “DosTek group” МЧКнун Күбөлөндүрүүчү Борбору баш ийүүчү “Инфоком” ММсинин Негизги Күбөлөндүрүүчү Борборунун Регламентине (3.4.10 беренеси) ылайык, бардык берилүүчү КЭКтер, берилмелердин коопсуздугун сактоо максатында, атайын корголгон эс тутумдарга жана корголгон булуттагы сервистерге сакталуусу зарыл.

  • КЭКти САКТООЧУ КАНДАЙ КАРАЖАТТАР БАР?

    Колдонуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, «DosTek group» компаниясы КЭК үчүн 2 түрдөгү корголгон сактоочу жай сунуштайт: RuToken 64k (РуТокен) корголгон жеке сактагычы жана E-Cloud (Булут) булуттагы корголгон сервис.

  • БУЛУТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

    E-Cloud (Булут) – КЭКти атайын корголгон контейнерге сактоочу булуттагы сервис. Бул сервис, VipNet технологиясына ылайык маалыматты коргоо жана сактоо сертификацияланган криптографиялык каражаттарынын негизинде аткарылып, коопсуздук стандарттарына толугу менен жооп берген кыргызстандык программисттердин инновациялык автордук иштелмеси болуп эсептелет.

    Булутта сактоочу сервис конфиденциалдуу жана кызматтык колдонуудагы берилмелердин коргоо деңгээлинде, персоналдык берилмелерди сактоо, коргоо жана шифрлөөнүн Улуттук жана Мамлекет аралык стандарттарына ылайык келет.

  • БУЛУТ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?

    КЭКти Булутта сактоо менен колдонуучу СОчИ системасына компьютерден тышкары каалаган мобилдик түзүлүштөн (планшет, смартфон, ж.б.) кире алат. Бул сервис ар дайым кыймылда болуп, иш ордунда гана эмес, үйүндө да, эс алууда да, иштөөгө көнгөн, адамдарга өтө ылайык. Булутта сактоону колдонуу менен КЭК ээси бир эле компьютерде иштебестен, дүйнөнүн интернети бар каалаган жеринен отчеттуулук системасына кире алат.

  • РУТОКЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?

    RuToken (РуТокен) – кадимки USB-түзүлүшү (флешка) түрүндөгу корголгон жеке сактагычы. Бул түзүлүш персоналдык берилмелерди сактоонун бардык Мамлекет аралык стандарттарына ылайык келет. Эс тутумга маалыматты жаздырууга жана андагы маалыматты көчүрүп алууга мүмкүн эмес. Аны менен бирге, РуТокенди сатып алууда колдонуучу бир гана компьютерге кошумча программалык камсыздоону орнотуп, отчеттуулук системасына ошол гана компьютер аркылуу кире алат, арткени USB-кошулуусу жок каражаттарда РуТокенди колдонууга болбойт.

  • РУТОКЕН ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

    РуТокендин ээси КЭКти, СОчИ системасынан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы КЭК колдонууга мүмкүнчүлүк берген каалаган электрондук системада колдоно алат.

  • КОМПЬЮТЕРГЕ РУТОКЕН-ПЛАГИНДИ КАНТИП ОРНОТСО БОЛОТ?

    РуТокен менен иштөө үчүн компьютерге плагин (программанын негизги функцияларын кеңейтүүчү көз карандысыз программалык модуль) орнотуу зарыл. Плагинди орнотуу боюнча атайын колдонмону шилтеме аркылуу окуса болот: Рутокен плагинин орнотуу

  • КЭКти БАШКА КАРАЖАТТАРДА САКТОО МҮМКҮНБҮ?

    КЭКти атайын корголгон RuToken (Рутокен) жана E-Cloud (Булут) каражаттарында гана сактаса болот.

  • ЖЕТЕКЧИГЕ – РУТОКЕН, АЛ ЭМИ БУХГАЛТЕРГЕ - БУЛУТТАГЫ САКТООНУ АЛУУ МҮМКҮНБҮ?

    Каалаган комбинациялар мүмкүн, бирок мындай учурда, жетекчи бухгалтердик КЭК менен кол коюу укугун бере албасын эскертебиз.

  • КЭКти БУЛУТТА САКТООДО ТӨЛӨМ КАЧАН ЖАНА КАНТИП ЭСЕПТЕН ЧЫГАРЫЛАТ?

    КЭК Булутта сактоодо төлөм, ар бир жаңы айда СОчИ системасы аркылуу биринчи отчет жөнөтүлгөндө эсептен чыгарылат. Эсептен чыгарылган төлөмдөрдүн баары жөнүндөгү маалымат колдонуучунун Жеке кабинетиндеги “Төлөмдөр” (“Оплаты”) бөлүкчөсүндө көрсөтүлөт.