Сурап-билүү

  • СОЦФОНДго ОТЧЕТТОР КАЙСЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН ТАПШЫРЫЛАТ?

    СОчИ системасы аркылуу КР Социалдык фондуна отчеттор ар бир айдын 20на чейин кабыл алынат.

  • РЕСПУБЛИКАНЫН КАЙСЫ РАЙОНДОРУНДА СОЦФОНД ОТЧЕТТОРУ КАБЫЛ АЛЫНАТ?

    СОчИ системасы аркылуу электрондук түрдөгү отчеттор КР Социалдык фондунун Кыргызстан боюнча бардык райондорунда кабыл алынат.

  • ОТЧЕТТОР ҮЧҮН EXCEL-ФАЙЛДЫ ТОЛТУРУУДА КАНДАЙ ФОРМАТТЫ САКТОО КЕРЕК?

    Файлды отчеттук формага ийгиликтүу жүктөө үчүн мамычалардын форматын сактоо керек:

    1. Дата жазылган мамычалар – «Дата» форматында 01.01.2016 үлгүсүндө болуу керек;
    2. Суммалар жазылган мамычалар – 2 белгиси бар «Числовой» форматында болуу крек;
    3. Калган мамычалардын баары, документтердин коддору менен номерлери жазылгандары менен кошо «Общий» форматында болуу керек.
  • ОТЧЕТ ТУУРА ЭМЕС БЕРИЛМЕЛЕР МЕНЕН ЖӨНӨТҮЛСӨ, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

    Эгер колдонуучу отчетту туура эмес берилмелер менен жөнөтсө, кардарларды техникалык колдоо кызматы менен 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу байланышуусу зарыл. Өз убагында кайрылган учурларда, отчеттун жөнөтүлүшүн токтотуп коюу мүмкүн.

    Эгер отчет мамлекеттик органга жеткирилип калса, анда каталар табылып, четке кагылышы мүмкүн. Мындай учурларда колдонуучу баштапкы отчетту кайрадан жөнөтүшү керек.

  • ЭГЕР КЫЗМАТКЕРДИН ИННин ТЕРҮҮДӨ, АТЫ-ЖӨНҮ ЖҮКТӨЛБӨСӨ?

    Эгер кызматкердин ИННин терүудө анын аты-жөнү отчетко жүктөлбөй жатса, анда бул убактылуу көйгөй СОчИ жана Социалдык фонддун системаларынын кошулушунда болушу мүмкүн.

    Эгер маселе бир нече сааттын ичинде чечилбесе, анда компаниянын чалуу-борборуна 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дарегине кайрылуу керек.

    Эгер маселе бир эле кызматкердин ИННи менен байланыштуу болсо, анда КР Социалдык фондуна кайрылууну сунуштайбыз.

  • ОТЧЕТ ЧЕТКЕ КАГЫЛСА?

    Отчет мамлекеттик орган тарабынан четке кагылса, каталар оңдолуп, толук кабыл алынуусуна чейин, отчеттук мөөнөт бүткөнчө, жөнөтүлө берет.