Сурап-билүү

  • КЕЛИШИМДИ КАНТИП ЖОККО ЧЫГАРСА БОЛОТ?

    Эгер кардар «DosTek group» компаниясы менен келишимди жокко чыгаруу чечимин кабыл алса, анда office@dostek.kg дарегине компаниясынын атынан, келишимди жокко чыгаруунун себептери жазылган, расмий кат жөнөтүүсү зарыл.

    Катты алгандан кийин, «DosTek group» бухгалтерия бөлүму кардар менен салыштыруу актысын өткөрүп, жеке баланста колдонбой калган акча болсо, ал сумма кардардын банктагы эсебине которулат же накталай берилет.

    Жеке баланстагы акчаны накталай алып кетүүдө компаниянын атынан ишеним кат керектелет.

  • БУХГАЛТЕР ЖУМУШТАН КЕТСЕ, АНЫ СИСТЕМАДАН КАНТИП АЛЫП САЛСА БОЛОТ?

    Бухгалтерди системадан алып салуу үчүн, office@dostek.kg дарегине анын кызматтан бошотулгандыгы жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсүн салып жиберүу керек.

  • ЖЕКЕ БАЛАНСТА КАЛГАН АКЧАНЫ КАЙТАРЫП АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

    Уюмдун жеке балансында калган акча каражаттарын накталай алуу үчүн, төмөндөгү документтер керектелет:

    • Келишимди жоюу жөнүндөгү расмий кат (себептерди көрсөтүү менен);
    • Акыркы мөөнөттүн салыштыруу актысы;
    • Ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
    • Калган акча каражаттарын алууга компаниядан ишеним кат.