Сурап-билүү

  • ОТЧЕТТОРДУН ЖЕТКИРИЛҮҮ СТАТУСТАРЫ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ

    Жеткирилүү статустары:

    • Жөнөтүүнү күтүүдө – отчет системадан жөнөтүлө элек, мындай статус 15-20 мүнөттүн ичинде өзгөрүлөт;
    • Жетекчинин текшерүүсүн кутүүдө – отчет жетекчинин ЭКТсы коюлгандан кийин жөнөтүлөт;
    • Бухгалтердин текшерүусүн күтүудө - отчет бухгалтердин ЭКТсы коюлгандан кийин жөнөтүлөт;
    • Төлөмдү күтүүдө – отчет колдонуучунун жеке балансы жетишээрлик суммага толукталгандан кийин жөнөтүлөт;
    • Жөнөтүү токтотулган – отчеттун жөнөтүлүшү жетекчи же бухгалтердин суранычы боюнча токтотулган;
    • Жеткирилген – отчет мамлекеттик органдын системасына жеткирилген.
  • ОТЧЕТТОРДУН ТЕКШЕРҮУ СТАТУСТАРЫ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

    Текшерүү статустары:

    • Кураторлук тиркемеде (К/П) текшерүүнү күтүудө – отчет мамлекеттик органдын куратору тарабынан текшерүүнү күтүүдө;
    • Кабыл алынган – отчет мамлекеттик органда кабыл алынган;
    • Четке кагылган – отчет каталар менен түзүлгөндүгү, туура келбеген форманы же түрүн колдонулганы, башка районго жөнөтүлгөнү үчүн четке кагылган.
  • ОТЧЕТТОРДУ КАНТИП БАСЫП ЧЫГАРСА БОЛОТ?

    Отчеттор кабыл алынып же четке кагылгандан кийин гана басып чыгарууга жеткиликтүү болот. Басып чыгаруу үчүн жөнөтүлгөн отчеттордун архивине кирип, керектүү отчетту ачып, “Басуу” (“Печать”) баскычын басуу керек.

  • 2014-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ ОТЧЕТТОРДУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

    Колдонуучулардын 2014-жылга чейинки бардык отчеттору СОчИ системасынын эски версиясында жайгашкан. Аларды алуу үчүн, кардарларды техникалык колдоо кызматына 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу кайрылуу керек.

  • ЭГЕР ТАПШЫРЫЛГАН ОТЧЕТТОР АРХИВДЕ ПАЙДА БОЛБОСО?

    Эгер мындай маселе көйгөй пайда болсо, кардарларды техникалык колдоо кызматына 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу кайрылуу керек.