Сурап-билүү

  • СТАТКОМИТЕТКЕ ОТЧЕТТОР КАЙСЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН ТАПШЫРЫЛАТ?

    СОчИ системасындагы “Отчеттуулук” болүмүндө, ар бир мамлекеттик органдын бөлүгүндө электрондук түрдө жөнөтүүгө жеткиликтүу болгон отчеттук формалардын тизмелери бар. Ар бир форманын тушунда ал отчетту электрондук түрдө тапшыруунун акыркы күнү көрсөтүлгөн.

  • РЕСПУБЛИКАНЫН КАЙСЫ РАЙОНДОРУНДА СТАТКОМИТЕТ ОТЧЕТТОРУ КАБЫЛ АЛЫНАТ?

    СОчИ системасы аркылуу электрондук түрдөгү отчеттор КР Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаары боюнча бардык райондорунда кабыл алынат.

  • ОТЧЕТ ТУУРА ЭМЕС БЕРИЛМЕЛЕР МЕНЕН ЖӨНӨТҮЛСӨ, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

    Эгер колдонуучу отчетту туура эмес берилмелер менен жөнөтсө, кардарларды техникалык колдоо кызматы менен 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу байланышуусу зарыл. Өз убагында кайрылган учурларда, отчеттун жөнөтүлүшүн токтотуп коюу мүмкүн.

    Эгер отчет мамлекеттик органга жеткирилип калса, анда каталар табылып, четке кагылышы мүмкүн. Мындай учурларда колдонуучу баштапкы отчетту кайрадан жөнөтүшү керек.

  • ОТЧЕТ ЧЕТКЕ КАГЫЛСА?

    Отчет мамлекеттик орган тарабынан четке кагылса, каталар оңдолуп, толук кабыл алынуусуна чейин, отчеттук мөөнөт бүткөнчө, жөнөтүлө берет.