Сурап-билүү

  • МСКна ОТЧЕТТОР КАЙСЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН ТАПШЫРЫЛАТ?

    СОчИ системасындагы “Отчеттуулук” болүмүндө, ар бир мамлекеттик органдын бөлүгүндө электрондук түрдө жөнөтүүгө жеткиликтүу болгон отчеттук формалардын тизмелери бар. Ар бир форманын тушунда ал отчетту электрондук түрдө тапшыруунун акыркы күнү көрсөтүлгөн.

  • РЕСПУБЛИКАНЫН КАЙСЫ РАЙОНДОРУНДА МСК ОТЧЕТТОРУ КАБЫЛ АЛЫНАТ?

    СОчИ системасы аркылуу электрондук түрдөгү отчетторду КР Мамлекеттик салык кызматынын өлкө боюнча бардык райондорунда кабыл алынат..

  • ОТЧЕТТОР ҮЧҮН EXCEL-ФАЙЛДЫ ТОЛТУРУУДА КАНДАЙ ФОРМАТТЫ САКТОО КЕРЕК?

    Файлды отчеттук формага ийгиликтүу жүктөө үчүн мамычалардын форматын сактоо керек:

    1. Дата жазылган мамычалар – «Дата» форматында болуу керек, 01.01.2016 үлгүсүндө;
    2. Суммалар жазылган мамычалар – 2 белгиси бар «Числовой» форматында болуу крек;
    3. Калган мамычалардын баары, документтердин коддору менен номерлери жазылгандары менен кошо «Общий» форматында болуу керек.
  • ОТЧЕТ ТУУРА ЭМЕС БЕРИЛМЕЛЕР МЕНЕН ЖӨНӨТҮЛСӨ, ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

    Эгер колдонуучу отчетту туура эмес берилмелер менен жөнөтсө, кардарларды техникалык колдоо кызматы менен 0312 960 360 номери же office@dostek.kg дареги аркылуу байланышуусу зарыл. Өз убагында кайрылган учурларда, отчеттун жөнөтүлүшүн токтотуп коюу мүмкүн.

    Эгер отчет мамлекеттик органга жеткирилип калса, анда каталар табылып, четке кагылышы мүмкүн. Мындай учурларда колдонуучу баштапкы отчетту кайрадан жөнөтүшү керек.

    Эгер отчет мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынса, анда ушул эле мөөнөткө туура берилмелерди көрсөткөн тактоочу отчет жөнөтсө болот, ал эми коштоочу катка тактоочу отчетту жөнөтүү себебин кеңири баяндоо зарыл.

  • ЭГЕР БАШТАПКЫ ОТЧЕТ ЧЕТКЕ КАГЫЛСА?

    Баштапкы отчет четке кагылса, кайра оңдолуп, толук кабыл алынуусуна чейин, отчеттук мөөнөт бүткөнчө, жөнөтүлө берет. Негизги шарт: ар бир жөнөтүлгөн отчеттун жыйынтыгын алгандан кийин – кийинкисин жөнөтүү.

    Отчеттун четке кагылышынын себебин системанын “Отчеттуулук” бөлүмүндөгү архивден, отчеттун тушундагы “Көрсөтүү” баскычын басуу менен ачып, “Каталар жөнүндөгү маалымат” баракчасынан көрсө болот.

  • ЭГЕР ТАКТООЧУ ОТЧЕТ ЧЕТКЕ КАГЫЛСА?

    Тактоочу отчет төмөнкү себептер менен четке кагылышы мүмкүн:

    - бул мөөнөткө баштапкы отчет жок болсо;

    - отчетто туура эмес берилмелер болсо;

    - отчет башка районго жөнөтүлсө;

    - отчеттук форманын түрү туура келбесе.

    Тактоочу отчет четке кагылганда, колдонуучу “Каталар жөнүндөгү маалымат” баракчасында көрсөтүлгөн каталарды оңдоп, аны кайрадан жөнөтсө болот.

  • ЭСКИ ФОРМАДАГЫ ОТЧЕТТУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

    Жаңы отчеттук формалардын киргизилиши менен колдонулбай калган эски формалар мурунку мөөнөттөргө, тактоочу түрүндө гана жөнөтүлүшү мүмкүн. Колдонулбай калган бардык отчеттук формалар СОчИ системасынын “Отчеттуулук” бөлүмүндөгү формалардын тизмесинде бар.