Сурап-билүү

  • КЭК КАНЧА ТУРАТ?

    КЭК 12 айлык мөөнөткө (1 календарлык жылга) берилет:

    Булутта сакталуучу колтамгалар:
    Жетекчилик КЭК – 1510 сом;
    Бухгалтердик КЭК – 1420 сом;
    Бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчилик КЭК – 1420 сом;
    Комплекстик КЭК (5 компанияга чейин) – 1800 сом;
    Комплекстик КЭК (6дан 10 компанияга чейин) – 2000 сом;
    Комплекстик, лимитсиз КЭК – 2350 сом.

    Рутокен сактагычында сакталуучу колтамга - 1200 сом.

  • СОчИ АРКЫЛУУ ОТЧЕТ ЖӨНӨТҮУ КАНЧА ТУРАТ?

    Жыйынтыктагы сумма тапшырылуучу отчеттордун санынан, түрүнөн, жөнөтүлүү мөөнөтүнөн келип чыгат. Тарифтик калькулятордун жардамы менен отчеттордун төлөмү айына, кварталына жана жылына канча болоорун биле аласыз.

  • ТӨЛӨМ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН КАНДАЙ ЖОЛДОРУ БАР?

    КЭК төлөмун кийинки жолдор менен жүргүзүу керек:

    • Банк аркылуу которуу – төлөө коду 42151410, 42122900;
    • Накталай компаниянын кассасына.

    Калган кызматтарды кийинки жолдор менен төлөөгө болот:

    • Банк аркылуу которуу – төлөө коду 42151410, 42122900;
    • Накталай компаниянын кассасына;
    • «Мобильные сети» (Кыртелсат) терминалдары;
    • «QUICKPAY» (КВИКПЭЙ) терминалдары;
    • «Pay 24» терминалдары;
    • «ONOI» терминалдары;
    • «UMAI» терминалдары;
    • «О!Деньги» мобилдик капчыгы;
    • «Megapay» мобилдик капчыгы;
    • «Balance» мобилдик капчыгы.
  • КОМПАНИЯНЫН РЕКВИЗИТТЕРИ

    "DOS TEK GROUP" (ДОС ТЭК ГРУПП) ЖЧК

    Бишкек ш., Коенкозов көч, 8
    ИНН: 00211200910051
    ОКПО коду: 26804954
    СФ каттоо №: 04-58756
    Бишкек ш. Октябрь р. караштуу МСКБгы
    Банк эсеби: 1280010015061112
    БИК: 128001
    ЗАО KICB

  • БАЛАНСТАГЫ КАРАЖАТТАРДЫН СУММАСЫН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ?

    Баланстагы каражаттардын суммасын СОчИ системасында жогорку оң бурчунан көрүугө болот.

  • БАЛАНСКА КОТОРУЛГАН СУММАЛАРДЫ ЖАНА ДАТАЛАРЫН КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ?

    Бардык которулган төлөмдөрдүн суммасын, которулган күнү жана которуу булактары менен, СОчИ системасындагы “Жеке кабинет” бөлүмүнүн “Поступления” бөлүкчөсүндө көрсөтүлөт.

  • ЭГЕР БАЛАНСКА АКЧА ТҮШПӨЙ КАЛСА?

    Эгер акча которулуп, бирок баланстан көрүнбөсө, биринчи «DosTek group» компаниясынын чалуу-борборуна 0312 960 888 номерине же office@dostek.kg дарегине, акчанын түшкөнүн текшерүу үчүн кайрылуу керек.

    Эгер компанияга акча түшпөсө, анда которууну жүргүзгөн банктын же терминалдын чалуу-борборуна кайрылуу зарыл.

  • БАНК АРКЫЛУУ КОТОРУЛГАН АКЧА БАЛАНСКА КАЧАН ТҮШӨТ?

    Банктык которуу жолу менен төлөөдө, акча калдыгы колдонулган операциянын түрүнө жараша, бир нече сааттан 1 күнгө чейинки убакытта баланска түшөт.

  • Катталуу жана кайра катталуу процедурасын «DosTek group» компаниясынын кеңсесинде өткөн колдонуучуларга, ЭКТ үчүн счет-фактура кагаз түрүндө берилет.

    Катталуу жана кайра катталууну онлайн режиминде өткөн колдонуучулар ЭКТ үчүн счет-фактурасын электрондук түрдө, СОчИ системасынын "Жеке кабинет" бөлүмүндөгү "Счет-фактуралар" бөлүгүнөн жүктөп алышат.

    Электрондук отчеттуулук кызматтары үчүн счет-фактураларды ошондой эле электрондук түрдө, СОчИ системасынын "Жеке кабинет" бөлүмүндөгү "Счет-фактуралар" бөлүгүнөн жүктөп алса болот.

  • СЧЕТ-ФАКТУРА АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

    Катталуу жана кайра катталуу процедурасын «DosTek group» компаниясынын кеңсесинен өткөн колдонуучулар ЭКТ үчүн счет-фактурасын кагаз түрүндө алууда компаниянын атынан берилген ишеним кат (үлгүсү) ала келүусү керек.

  • ЭГЕР СЧЕТ-ФАКТУРАДА ТУУРА ЭМЕС БЕРИЛМЕЛЕР КӨРСӨТҮЛГӨН БОЛСО?

    Эгер «DosTek group» компаниясынын кызматтарына берилген счет-фактурада туура эмес берилмелер көрсөтүлгөн болсо, анда чалуу-борборуна 0312 960 888 номерине же office@dostek.kg дарегине кайрылуу керек.

    Счет-фактурада туура эмес берилмелер болгону далилденсе, ал туураланып, кайра берилет.

  • САЛЫШТЫРУУ АКТЫСЫН КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

    Салыштыруу актысын СОчИ системасынан, Личный кабинет - Акты-сверки бөлүмүнөн өз алдынча чыгарып алса болот. Тиешелүү колдонмону сйттагы Жардам - Колдонмолор бөлүмүнөн же кийинки шитемеден окууга болот.

  • ТӨЛӨНҮҮ ЭСЕБИН (СЧЕТ НА ОПЛАТУ) КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

    Төлөнүу эсебин алуу үчүн, office@dostek.kg дарегине компаниянын ИННин, кызмат түрүн жана керектүу сумманы жазуу менен кайрылуу керек. Төлөнүү эсеби кардардын электрондук дарегине жөнөтүлөт.

  • ЖЕКЕ БАЛАНСТАГЫ АКЧА КАНТИП ЭСЕПТЕН ЧЫГАРЫЛАТ?

    Отчет жөнөтүү үчүн төлөм СОчИ системасында отчетко кол койгон учурда эсептен чыгарылат. Эгер отчет бухгалтер тарабынан түзүлүп, кол коюлуп, жөнөтүлсө, бирок жетекчинин ЭКТсы коюла элек болсо, анда отчеттун баасы жетекчи кол койгон учурда эсептен чыгарылат. Ошондой эле, отчет жетекчи тарабынан жөнөтүлсө, анын төлөму бухгалтер ЭКТсы коюлган учурда эсептен чыгарылат.

    ЭКТны Булутта сактоо үчүн төлөм ай сайын биринчи отчетту жөнөтүүдө эсептен чыгарылат.

  • ОТЧЕТТОРДУ БИР НЕЧЕ МСКна ЖӨНӨТҮҮДӨ ТӨЛӨМ КАНТИП ЭСЕПТЕЛЕТ?

    Ар бир отчеттун төлөму өзүнчө бааланат. Эгер 1 колдонуучу бир түрдөгү отчетторду бир нече МСК жөнөтсө – ар бир отчеттун баасы өзүнчө эсептен чыгарылат.

  • ТӨЛӨМДӨРДҮ КАЙСЫ КҮНГӨ ЧЕЙИН ЖҮРГҮЗҮҮ КЕРЕК?

    СОчИ системасы менен иштөөдө, кызматтардын төлөмү атайын мөөнөт менен чектелбейт. Колдонуучу жеке балансын өзүнө ыңгайлуу каалаган убакта толуктаса болот. Негизги шарт – отчет тапшыруу мезгилинде колдонуучунун балансында жетиштүу сумма болушу керек.

    Эгер отчет тапшыруу мезгилинде колдонуучунун балансында жетишээрлик сумма болбосо, отчет мамлекетик органга жеткирилбейт. Төлөнбөгөн отчет колдонуучунун архивинде “Төлөм күтүүдө” (“Ожидает оплаты”) статусунда болот.

  • КЭКти БУЛУТТА САКТООНУН ТӨЛӨМҮ КАНТИП ЭСЕПТЕН ЧЫГАРЫЛАТ?

    КЭКти Булутта сактоонун төлөмү, ар бир жаңы айда СОчИ системасы аркылуу биринчи отчет жөнөтүлгөндө эсептен чыгарылат.

    Колдонуучу СОчИ системасы аркылуу отчет тапшырбаган айларда, КЭКти булутта сактоонун төлөму эсептен чыгарылбайт.

  • ОТЧЕТТОР ЖӨНӨТҮЛБӨГӨН УБАКТА, КЭКти БУЛУТТА САКТООНУН ТӨЛӨМУ ЭСЕПТЕН ЧЫГАРЫЛАБЫ?

    КЭКти Булутта сактоо үчүн төлөм, колдонуучу отчетторго жана КЭКтин мөөнөтүн узартуу буйрутмасына кол койгондо гана эсептен чыгарылат. Колдонуучу СОчИ системасы аркылуу отчет тапшырбаган жана КЭКтин мөөнөтүн узартуу буйрутмасын жөнөтпөгөн айларда, КЭКти булутта сактоонун төлөму эсептен чыгарылбайт.

    СОчИ системасына балансты көрүү, счет-фактураларды же мурунку отчетторду жүктөө же басып чыгаруу акысыз кызматтар болуп эсептелет.

  • БАЛАНСТА ЖЕТИШТҮУ КАРАЖАТ БАР, БИРОК СИСТЕМАДА ОТЧЕТ ТАПШЫРЫЛБАЙ ЖАТАТ?

    Эгер колдонуучунун балансында КЭКти булутта сактоо жана отчет жөнөтүу төлөмдөрүнө жетишээрлик сумма болуп, бирок отчет тапшырылбай жатса, кардарларды техникалык колдоо кызматына 0312 960 360, 0706 960 360, 0558 960 360, 0776 960 360 номерлерине же office@dostek.kg дареги аркылуу кайрылуу керек.

  • БАЛАНСТА КАЛГАН АКЧАНЫ КАНТИП КАЙТАРСА БОЛОТ?

    Компаниянын жеке балансында калган акча каражаттарын накталай алуу үчүн, төмөндөгү документтер керектелет:

    1. Келишимди жоюу жөнүндөгү расмий кат (себептерди көрсөтүү менен);

    2. Акыркы мөөнөттүн салыштыруу актысы;

    3. Ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;

    4. Калган акча каражаттарын алууга компаниядан ишеним кат.