Сурап-билүү

  • КЭК БУЛУТТА САКТАЛСА, СИСТЕМАГА КАНТИП КИРҮУ КЕРЕК?

    Системага кирүү үчүн браузердин дарек сабына https://sochi.dostek.kg/ терүу же www.dostek.kg сайтынын башкы бетиндеги “СОчИ” баскычын басуу керек:

    Андан соң:

    1. «Булут аркылуу кирүү» түрүн танданыз;
    2. Ачылган сапка компаниянын ИННин териңиз;
    3. «Далее» баскычын басыңыз;
    4. “Жетекчи” же “Бухгалтер” ролун тандаңыз;
    5. Ачылган сапка пин-кодду (6 сандан турган пароль) териңиз;
    6. “Кирүу” баскычын басыңыз.

    Кирүу боюнча кененирээк “Сурап-билүу” – “Колдонмолор” бөлүмүндөгу колдонмодон же кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: СОчИге булут аркылуу кирүү

  • КЭК РУТОКЕНДЕ САКТАЛСА, СИСТЕМАГА КАНТИП КИРҮУ КЕРЕК?

    Системага кирүү үчүн браузердин дарек сабына https://sochi.dostek.kg/ терүу же www.dostek.kg сайтынын башкы бетиндеги “СОчИ” баскычын басуу керек:

    Андан соң:

    1. «Токен аркылуу кирүү» түрүн танданыз;
    2. Ачылган сапка пин-кодду (6 сандан турган пароль) териңиз;
    3. “Кирүу” баскычын басыңыз.

    Кирүу боюнча кененирээк “Сурап-билүу” – “Колдонмолор” бөлүмүндөгу колдонмодон же кийинки шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: СОчИге токен аркылуу кирүү.

  • СИСТЕМАГА КИРҮҮДӨ ЭКРАНДЫК КЛАВИАТУРАНЫ СӨЗСҮЗ КОЛДОНУУ КЕРЕКПИ?

    Бул опция, СОчИ системасынын колдонуучуларынын персоналдык берилмелерин сактоо жана пин-коддун белгилерин коопсуз терүү максатында атайын иштелип чыккан. Экрандык клавиатураны (ЭК) колдонууда:

    - Шпион-программалары терилүүчү пин-кодду окуй албайт, аткени ал ЭКдагы баскычтар аркылуу терилет;

    - Багытточтун көрсөтмөлөрүн окуп, пин-кодду билип алуу мүмкүн эмес, аткени ЭКдагы белгилер баскан сайын алмашып турат (эгер бул опция иштетилген болсо);

    - Сырттан байкап турган адам тарабынан терилүүчү белгилерди жаттап калуу кыйындыкка турат.

    Кадимки клавиатура аркылуу белгилерди терүү мурункудай эле жеткиликтүү, андыктан ар бир колдонуучу пин-кодду терүүнүн каалаган ыкмасын тандоо укугу бар.

  • СИСТЕМАГА КИРҮУДӨ “СИЗДИН КЭК АНЫКТАЛГАН ЖОК” ЖАЗУУСУ ЧЫКТЫ

    Мындай жазуу КЭКтин мөөнөту өткөн учурларда пайда болот. Колдонуучу кайра катталуудан өтүүсү керек.

  • СИСТЕМАГА КИРҮҮ БӨГӨТКӨ ТҮШҮШҮ ЖАНА БӨГӨТТӨН ЧЫГАРУУ ЖОЛДОРУ

    Эгер СОчИ системасына кирүүдө, колдонуучу пин-кодду (парольду) 7 жолу туура эмес терсе, колтамга бөгөткө түшөт. Башка системаларга кирүүдө туура эмес терүүнүн саны айырмаланышы мүмкүн.
    Эгер СОчИ системасына кирүудө туура эмес терүүнүн саны 7ден аз болсо, бир суткадан кийин аракеттердин саны жокко чыгарылат. Саат 00.00дөн кийин колдонуучуда дагы 7 жолу терүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул эреже Булуттагы колтамгалар үчүн. Рутокенге жаздырылган колтамгалардын мындай мүмкүнчүлүгү жок.
    Рутокендеги колтамгаларды бул Колдонмо менен өз алдынча бөгөттөн чыгарууга же техникалык колдоо кызматына 0706960360, 0558960360, 0776960360 телефондору же сайттагы онлайн чат аркылуу кайрылууга болот.

  • БУХГАЛТЕРДИ СИСТЕМАГА КАНТИП КОШУУГА БОЛОТ?

    Системага бухгалтерди кошуу үчүн:

    • Бухгалтердик колтамга үчүн төлөө (Булутка - 1420 сом, Рутокенге - 2780 сом Рутокени менен);
    • "ДОС ТЭК ГРУПП" кеңсесине кийинки документтерди тапшыруу:
    • уюмдун күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
    • бухгалтердин паспортунун көчүрмөсү;
    • бухгалтерди кызматка дайындоо буйругунун көчүрмөсү;
    • колтамга алууга уюмдан ишеним кат;
    • ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.
  • “ЖЕКЕ БАЛАНС” ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Жеке баланс – колдонуучунун «DosTek group» компаниясына которгон төлөмдөрүнүн суммасы. Ар бир колдонуучу өзүнүн жеке балансын СОчИ системасынан көрө алат жана электрондук отчеттулуктун кызматтарына төлөө үчүн жумшаса болот.

  • МЕНИН БАЛАНСЫМДАГЫ СУММАНЫ КАЙДАН КӨРСӨМ БОЛОТ?

    Жеке балансты СОчИ системасында, жогорку оң бурчунан көрсө болот.

  • “ЖЕКЕ КАБИНЕТ” ДЕГЕН ЭМНЕ?

    Жеке кабинет – бул СОчИ системасынын бөлүмдөрүнүн бири, анда кийинки маалыматтар бар:

    • системадагы уюмдун реквизиттери;
    • балансы толуктоо жана эсептен чыгаруу маалыматы;
    • "ДОС ТЭК ГРУПП" кызматтары үчүн счет-фактуралар;
    • колтамгалардын мөөнөтүн жана ээлерин;
    • нормативдик документтерди.
  • КОТОРУЛГАН ТӨЛӨМДӨРДҮН СУММАСЫН КАЙДАН КӨРСӨМ БОЛОТ?

    Бардык которулган төлөмдөрдүн суммасын, которулган күнү жана которуу жолу менен, СОчИ системасындагы Жеке кабинет бөлүмүнүн Поступления бөлүкчөсүндө көрсөтүлөт.

  • СЧЕТ-ФАКТУРАЛАРДЫ КАЙДАН ЖАНА КАНТИП АЛСАМ БОЛОТ?

    «DosTek group» компаниясынын кызматтарына берилген счет-фактураларды СОчИ системасынын “Жеке кабинет” бөлүмүндөгу “Счет-фактуралар” бөлүкчөсүнөн жүктөп же басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.

  • ЖЕКЕ БАЛАНСТАГЫ ЭСЕПТЕН ЧЫГАРЫЛГАН СУММАЛАРДЫ КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ?

    Баланстагы эсептен чыгарылган бардык суммаларды, эсептен чыгарылган күнү жана максаты менен, СОчИ системасындагы Жеке кабинет бөлүмүнүн Оплаты бөлүгүнөн көрүүгө болот.

  • СИСТЕМАДАГЫ ЖЕТЕКЧИНИН/БУХГАЛТЕРДИН РОЛДОРУН КАНТИП ТУУРАЛАСА БОЛОТ?

    СОчИ системасындагы жетекчинин Жеке кабинетинде, 1 колтамга колдонгон уюмдардан тышкары, Ролдор бөлүгү бар. Бул бөлүктөн бухгалтерге кийинки мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө болот:

    • Отчеттулукту түзүү (Формирование отчетности) – бул пунктту белгилөө менен, жетекчи бухгалтерге СОчИ системасында отчетторду түзүп, жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет;
    • Жетекчинин атынан кол коюу – бул пунктту белгилегенде, бухгалтер түзүп, жөнөткөн отчетторго жетекчинин колтамгасы менен автоматтык түрдө коюлат. Эгер белгилөөнү алып салса, анда бухгалтер тарабынан жөнөтүлөн отчеттор жетекчинин Жеке кабинетиндеги Кол коюулуучу отчеттор (Отчет на подпись) бөлүгүндө топтолуп, жетекчи кол койгон соң гана жөнөтүлөт..

    Эскертүү: бул мүмкүнчүлүктөр ЭКТсын Токенде сактаган жетекчилерге жеткиликсиз.

  • ЖЕТЕКЧИНИН/БУХГАЛТЕРДИН КОЛ КОЮУСУН КҮТКӨН ОТЧЕТТОРДУ КАЙДАН КӨРСӨ БОЛОТ?

    Ар бир колдонуучунун Жеке кабинеттеринде Кол коюулуучу отчеттор (Отчет на подпись) бөлүгү бар.

    Бул жерден жетекчи же бухгалтер тарабынан түзүзүп, жөнөтүлгөн отчетторду көрүп, текшерип, кол коюп, мамлекеттик органга жөнөтүүгө болот.

  • СИСТЕМА МЕНЕН ИШТӨӨДӨ КАЙСЫ БРАУЗЕРДИ КОЛДОНУУ КЕРЕК?

    СОчИ системасында иштөөгө Google Chrome, Opera, Mozilla FireFox браузерлерин колдонуу сунушталат.

  • СИСТЕМАДА “РОЛДОР” БӨЛҮГҮ ЖОК БОЛСО?

    Бухгалтер катталбаган компаниялардын Жеке кабинетинде Ролдор бөлүгү жок болот. Эгер системада бухгалтер катталып, бирок аталган бөлүк жок болсо, Кардарларды техникалык колдоо кызматына : 0312 960 360, 0706 960 360, 0776 960 360, 0558 960 360 номерлерине же office@dostek.kg дареги аркылуу кайрылуу зарыл.