Сурап-билүү

  • ОНЛАЙН КАТТАЛУУ КАНЧА УБАКЫТТЫ ТАЛАП КЫЛАТ?

    Онлайн (алыстан) катталуу 7 күнгө чейинки убакытты талап кылат.

  • ОНЛАЙН КАТТАЛУУНУН УБАКТЫСЫН АЗАЙТУУ МҮМКҮНБҮ?

    Эгер буйрутмага тиркелген документтер талаптарга жооп берип, каттоочу адис документтердин сканерден сапаттуурак өткөрүлгөн көчүрмөлөрүн күтүүгө убакыт сарптабаса жана төлөм өз убагында жүргүзүлсө, онлайн катталуунун убактысы кыскарышы мүмкүн.

  • ОНЛАЙН БУЙРУТМАНЫ КАНТИП ТОЛТУРАТ?

    Онлайн каттоодон өтүүчү колдонуучулардын ыңгайлыгы үчүн, атайын сунуштама иштелип чыккан. Аны кийинки шилтемеден окуп же жүктөп алсаңыздар болот: Онлайн буйрутманы толтуруу боюнча сунуштама

  • БУЙРУТМАГА ТИРКЕЛҮҮЧУ ДОКУМЕНТТИН ФОРМАТЫН КАНТИП БИЛСЕ БОЛОТ?

    Эгер Сизде катталууга керектелүүчу документтериниздин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү болсо, бирок алардын форматы менен көлөмүн билбей жаткаңыз, анда компьютеринизде сакталган документке багыттагычты (курсорду) алып барсаңыз, калкып чыккан терезеден анын форматы менен көлөмүн көрө аласыз. Эгер сакталган документтин форматы же көлөму талаптарга туура келбесе, анда аны графикалык редакторлордун (Adobe Photoshop, Adobe Illustrator, ж.б.).бири менен тууралап койсонуз болот.

  • БУЙРУТМАГА ТИРКЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН ФОРМАТЫ МЕНЕН КӨЛӨМҮНҮН ТАЛАПТАРЫ ЭМНЕГЕ КЕРЕК?

    Онлайн буйрутмага тиркелүүчу документтерге коюлган талаптар, документтеги бардык жазуулардын окулушу жана басып чыгарганда сүрөт сапатын жоготпошу үчүн керек. Документтин көлөму кичине болсо, сапаты жоголушу мүмкүн.

    Эгер документтин көлөму керектелүүчү көлөмдөн чоң болсо, буйрутманы жөнөтүү кыйын болуп, аны алган адистер тарабынан ачылышы да маселе жаратышы мүмкүн.

  • МЕНИН БУЙРУТМАМ КАЙСЫ ЭТАПТА ЭКЕНИН КАНТИП БИЛЕМ?

    Катталуу аяктаганча онлайн буйрутма текшерүуну күтүү, төлөмдү күтүү этаптарынан өтүп, акыры кабыл алынып же четке кагылышы мүмкүн. Буйрутманын кайсы этапта экенин билүу үчүн, “Кардар болуу” – “Онлайн каттоо” – “Буйрутманы издөө” бөлүмүндө ИНН жана коддолгон сөздү терүү аркылуу билсе болот.