Сурап-билүү

  • КЕҢСЕ КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖАЙГАШКАН?

    Кеңсенин дареги: Бишкек ш.,Коенкозов к. 8 (Бөкөнбаев менен Москва көчөлөрүнүн ортосунда).

    Филиалдар:

    Ош ш. Ленин к 205, 207-кеңсе (2-кабат).

    Жалалабат ш. Ж.Бакиев к. 36, 14-бөлмө ("Келечек" имаратынын 2-кабаты).

    Кеңселердин иштөө убактысы: дүйшөмбү – жума, 9.00дөн 17.30га чейин (түшкү тыныгуусуз).

  • КЕҢСЕДЕ КАТТАЛУУ КАНЧА УБАКЫТТЫ ТАЛАП КЫЛАТ?

    Кеңседе катталуу 10-15 мүнөттү талап кылат.

  • ДОКУМЕНТТЕРДИ ТОЛУК АЛЫП КЕЛБЕСЕ БОЛОБУ?

    Катталуу үчүн керектелүүчү документтер толугу менен керек. Тизмедеги документтин бири жок болсо, каттоо жүргүзүлбөйт.

  • КЕҢСЕГЕ КЕЛҮҮГӨ ЧЕЙИН ТӨЛӨСӨ БОЛОБУ?

    Төлөмдү алдын ала төмөндөгү жолдор менен жүргүзсө болот:

    1. Банк аркылуу которуу – төлөө коду 42151410 компаниянын реквизиттери;
    2. Накталай компаниянын кассасына – кеңсенин дареги.
  • КЕНСЕГЕ КЕЛИП КЕТКЕНДЕН КИЙИН ТӨЛӨСӨ БОЛОБУ?

    Төлөмдү кеңсеге келип кеткенден кийин да жүргүзсө болот, бирок ЭКТ төлөм жүргүзүлгөндөн кийин гана активдештирилет, б.а. колдонуучу СОчИ системасына кире албайт.

    Төлөө жолдору:

    1. Банк аркылуу которуу – төлөө коду 42151410 компаниянын реквизиттери;
    2. Накталай компаниянын кассасына – кеңсенин дареги.
  • БАШТАПКЫ КАТТАЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

    • Юридикалык жакты же жеке ишкерди (ИП, ЧП) Мамлекеттик каттоо жөнүндөгу күбөлүгүнүн көчүрмөсү же патенттин көчүрмөсү;
    • КР Социалдык фондунан берилген төлөөчүнүн камсыздандыруу төгүмү боюнча кабарламасынын көчүрмөсү. Кабарлама (Извещение) 2019-жылдын 1-январынан кийин берилип, жаңы каттоо номери болушу керек.
    • Жетекчинин, башкы бухгалтердин жана колтамга алуучу адистердин паспортторунун көчүрмөлөрү
    • Жетекчинин, башкы бухгалтердин жана колтамга алуучу адистердин кызматка дайындоо боюнча документтеринин (чечим, буйрук ж.б.) көчүрмөлөрү.
    • Чет өлкөлүк жарандын ПИН (персоналдык идентификациялык номери) сөзсүз түрдо болушу керек;
    • М2а формасындагы компаниянын атынан ишеним кат, жетекчинин, башкы бухгалтердин колу коюлуп, мөөр басылган (үлгүсүн “Документтер” бөлүмүнөн жүктөп алса болот).
    • Ишеним кат берилген ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.
    • СОчИ системасына кошулуу буйрутмасы - толтурулган түрдө (буйрутманын формасын “Документтер” бөлүмүнөн жүктөп алса болот).
    • Колтамга алуучулардын арасында адистер бар болсо, адистер үчүн буйрутма - толтурулган түрдө (буйрутманын формасын “Документтер” бөлүмүнөн жүктөп алса болот).
    • Компаниянын мөөрү (Ош, Жалал-Абад филиалдарына кайрылууда).
  • ЭЛЕКТРОНДУК КОЛТАМГАНЫН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

    • Юридикалык жакты же жеке ишкерди (ИП, ЧП) Мамлекеттик каттоо жөнүндөгу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
    • Колтамга мөөнөтү узартылуучу кызматкердин паспортунун көчүрмөсү;
    • Эгер кызматкер алмашса, жаңы кызматкерди кызматка дайындоо боюнча буйруктын көчүрмөсү жана мурунку кызматкерди кызматтан бошотуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү.
    • Чет өлкөлүк жарандын ПИН (персоналдык идентификациялык номери) сөзсүз түрдө болушу керек;
    • М2а формасындагы компаниянын атынан ишеним кат, жетекчинин, башкы бухгалтердин колу коюлуп, мөөр басылган (үлгүсүн “Документтер” бөлүмүнөн жүктөп алса болот).
    • Ишеним кат берилген ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.
    • Колтамга жаздыруу үчүн Рутокен жеке сактагычы;
    • Компаниянын мөөрү (Ош, Жалал-Абад филиалдарына кайрылууда).
  • ИШЕНИМ КАТ МЕНЕН БУЙРУТМАНЫ КАНТИП ТУУРА ТОЛТУРУУ КЕРЕК?

    Буйрутма менен ишеним катты туура толтуруу боюнча атайын бөлүмдө бардык сунуштамалар топтолгон. Шилтеме - Катталууда жардам