Сурап-билүү

  • КЭК

    Квалификацияланган электрондук колтамга – бул жеке кол тамганы толугу менен алмаштыруучу электрондук документтин реквизити. КЭК уюмга таандык болгондо, ал мөөрдү да алмаштырат.

  • КЭК САКТОО КАРАЖАТТАРЫ

    КЭК аркылуу жеткиликтүү болушу мүмкүн болгон берилмелердин коопсуздугун жана конфиденциалдуулугун коргоо үчүн, аны сактоочу атайын корголгон каражаттар бар. Биз кардарларыбызга корголгон сактоонун 2 түрүн сунуштайбыз: RuToken корголгон жеке сактагычы жана E-Cloud булутта сактоо сервиси.

    Бул каражаттардын ар бири жөнүндө кенен маалымат “Сурап-билүу” бөлүмүнүн КЭК сактоо каражаттары бөлүгүндө.

  • КБ

    Күбөлөндүрүүчү Борбор – бул "DOS ТЕК GROUP" МЧКнун, КЭК иштеп чыгуу, берүү, сактоо жана конкреттүү КЭКтин таандыгын күбөлөндүрүү укуктарына ээ болгон, бөлүмү.

  • СОчИ

    Интернет аркылууу Отчет Берүү Системасы – бул электрондук кол тамганы колдонуу менен отчеттук формаларды интернет аркылуу электрондук түрдө жөнөтүүчү автоматташтырылган система.

  • ИСНАК

    Кыргызстандын Салык Администрвциялоосунун Интеграцияланган Системасы.

  • СЕРВИС ОПЕРАТОРУ

    Интернет аркылуу кызматтык сервистердин оператору жана СОчИ программалык-аппараттык каражаттарынын иштөөсүн камсыздоочу "DOS ТЕК GROUP" МЧКу.

  • ЭЛЕКТРОНДУК ДОКУМЕНТ АЛМАШУУ

    Маалымат жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, кабыл алуу, сактоо, өзгөртүү, жоюу процесстеринин жыйындысы.

  • САЛЫК ӨКҮЛҮ

    Кыргыз Республикасынын салык жана жыйноолор боюнча мыйзамдары тарабынан жөнгө салынуучу салык органдарында же башка мамилелердин катышуучулары менен салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жак. Салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн ишмердүүлүгүн ишеним каттын негизинде жүргүзөт (эгер, салык төлөөчү жеке жак болсо, ишеним кат нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн болушу керек).

  • БРАУЗЕР

    Интернет-баракчаларын, интернет-документтердин мазмунун, компьютердик файлдарды жана алардын каталогдорун карап чыгуу жана интернет-тиркемелерди башкаруучу программалык камсыздоо. СОчИ системасы менен иштөө үчүн Google Chrome, Opera, Mozilla FireFox браузерлери сунушталат.

  • КЭШ

    Дисктеги же компьютердин эс тутумундагы маалыматты убактылуу сактоочу атайын чөлкөм. СОчИ системасында корректтүү иштөө үчүн кэшти мезгил-мезгили менен тазалап туруу сунушталат, аткени интернет-баракчаларын ачкан сайын, керексиз берилмелердин көлөмү анда топтоло берет. Андыктан, ар бир браузерде кэшти тазалоо функциясы бар.

  • АЙКЫН ОФЕРТА

    Айкын оферта келишими, так эмес сандагы жактарга багытталып, эки тараптын катташтыгы боюнча бардык шарттарды камтыйт. Офертага кол коюлбайт. Бир тараптын катташтыкты түзүүгө жасалган кыймыл-аракети, Офертанын шарттарын кабыл алуу болуп эсптелет жана экинчи тарап андан келишимдин шарттарын аткарууну талап кылууга укуктуу.