“Dos Tek Group” компаниясы СОчИ системасынын колдонуучуларынын көңүлүн төмөнкү маалыматка бурат. Улуттук статистика комитетинин (УСК) кызматкерлеринин атына жамынган бейтааныш адамдар тарабынан биздин кардарларга чындыкка жатпаган маалымат таратылууда. Тагыраак айтканда, УСКда электрондук түрдө жөнөтүлгөн отчеттуулук мекеме тарабынан кабыл алынбай турганын жана СОчИ системасы аркылуу тапшыргандар отчетторун кайра тапшырууга туура келээрин билдирүү жасашат.
Мындай жагдайга себептүү, “Dos Tek Group” компаниясы СОчИ системасы аркылуу жөнөтүлгөн статистикалык отчеттулукту КР УСКнин тийиштүү бөлүмдөрүнө жеткирүү жоопкерчилигин алаарын расмий түрдө билдирет, ошондой эле өзүнүн кардарларынан бул тууралуу кабартырланбоону жана провокацияларга жетеленбөөсүн суранат. Эгер сиз ушул сыяктуу көйгөйгө кабыл болсоңуз, office@dostek.kg дареги аркылуу “Dos Tek Group” компаниясынын Администрациясына кайрылыңыз.
Азыркы учурда, “Dos Tek Group” компаниясы тийиштүү мамлекеттик органдарды жарандык мыйзамдуулукту сактоого милдеттендирүү максатында, сот органдарына доо арызын даярдоодо. Доо арызда, отчет тапшыруучуларга отчетторун атайын өкүлдөрү же байланыш операторлору (“Dos Tek Group” компаниясы) аркылуу тапшыруу жаатына, өзгөчө көңүл бурулат.
Жогоруда айтылгандай, “Dos Tek Group” компаниясы СОчИ системасы аркылуу статистика отчеттулугун тапшырган кардарларын, УСК тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз санкциялар көрүлгөн учурларда, тийиштүү юридикалык коргоо менен камсыздаарын расмий түрдө маалымдайт.
Өз тарабыбыздан бул түшүнбөстүктү чечүүгө бардык күчүбүздү жумшаарыбызга бардык кардарларды ишендиребиз.
Урматтоо менен,
“Dos Tek Group” компаниясынын Администрациясы.
20.03.2015 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...