Жаңы биллинг системасын жана Улуттук статистика комитетине отчет тапшыруу кызматын киргизүүгө байланыштуу, «Дос Тэк Групп» компаниясы СОчИ системасынын азыркы жана болочок колдонуучулары үчүн даярдалган чектелген акция жөнүндө кабарлайт.
Акция, 2015-жылдын мартынын 4нөн 27не чейин гана иштейт жана андан кийин узартылбасына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ошондой эле, көрсөтүлгөн суммага балансты толуктоо бонуска төлөө болуп эсептебесин, бул каражаттарды СОчИ системасындагы азыркы жана жаңы пайда болгон кызматтарга төлөөгө колдонооруңузга көңүлүңүздү бурабыз. Бул акция «Дос Тэк Групп» компаниясы менен үстүбүздөгү жылда кызматташууну улантуу чечимине келген кардарлар үчүн атайын иштелип чыккан.
Акция тууралуу суроолоруңуздар болсо finance@dostek.kg дарегине кат жөнөтүүңүздөрдү суранабыз. “Дос Тэк Групп” сатуу бөлүмүнүн жана чалуу-борборунун операторлору акция боюнча маалымат беришпейт.
Компаниянын кеңсесинде кезек күтүүнү азайтуу үчүн, балансты толуктоону банктын төлөм же Mobilnik.kg терминалдары аркылуу жүргүзүүңүздөдү суранабыз.
Тандалган суммага балансыңызды толуктагандан кийин, «Дос Тэк Групп» компаниясынын финансалык бөлүмүнүн дарегине finance@dostek.kg компанияңыздын ИННин жана төлөө квитанциясынын же транзакциянын номерин жазып, бонустун деңгээлин белгилеп, жөнөтүүңүздү суранабыз. Тийиштүү катты жөнөткөндөн кийин, эсебиңизге каражаттын түшүшүн текшерип коюңуз. Сизге тийиштүү бонустар ыйгарылат.
Бонустарды ыйгаруу марттын 28нен 31не чейин, тийиштүү суммаларга (7 500 жана 11 000 сом) балансын толуктаган кардарларга гана, жүргүзүлөт. Эсебиңизде бар каражаттар акция боюнча эсептелбейт. Бонустарды колдонуу 2015-жылдын 1-апрелинен башталат.
7 500 жана 11 000 сом – бонусту ыйгаруучу негизги индикативдик суммалар. Которулган суммалар белгилергенден ашыкча болушу мүмкүн, бирок кем болбошу керек.
Суммалар 2015-жылы компаниянын кызматтары менен ишенимдүү камсыздоого эсептелген.
Урматто менен,
«Дос Тэк Групп» компаниясынын Администрациясы.
07.03.2015 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...