Азыркы күндө бардык салык отчеттору электрондук түрдө гана кабыл алынат, бирок тышкы факторлордун жана ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынан улам салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда, отчеттор кагаз түрүндө тапшырылуусу мүмкүн.
Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Жобосунун 15-бөлүмүнө жараша (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун 2-тиркемеси) төмөнкү мезгилде салык отчеттору кагаз түрүндө берилиши мүмкүн:
1) тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгондо;
2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда жер титирөө, сел каптоо же алдын алууга мүмкүн болбогон же алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлар сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо. Аталган жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун болушу жана атайын далилдөө каражаттарын талап кылбаган башка ыкмалар менен белгиленет.
Ушул эле Жобонун 16-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй: Тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда тийиштүү маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылат.
21.11.2022 Жаңылыктар тизмесине21-мартта «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде, Нооруз майрамына байланыштуу, дем алыш күн болоорун маалымдайт. Ал \ми электрондук отчет тапшыруучу СОчИ системасы күнү-түнү, дем алышсыз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...
Нарын шаарында электрондук колтамгалардын мөөнөтүн узартуу жана Рутокен ЭЦП 3.0 жеке сактагычын берүүчу өнөктөштүк кеңсе ачылды. ⠀ Жайгашуусу: Нарын ш. Үсөн уулу Абаскан көчөсү, 5 +996 700 282 852 ⠀ Иш тартиби: ДШ – ЖМ, 10.00 - 1...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 1-ФХД-МИКРО «Ишкана (уюмдун) негизги каржы-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча» статистикалык отчету 4=квартал үчүн тапшырылбай турганын маалымдайт. Анын ордуна отчеттун жылдык формасын толтуруп, Улуттук ст...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү болоорун маалымдайт. Аймактагы кеңселердин иш убактысын алдын ала тактаңыздар. ...