Публикациялар

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор

pic

2019-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 1-январына чейин эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоор өткөрүлөт. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, өз ыктыяры менен, долбоордун катышуучулары боло алышат.

Долбоорду уюштуруу жана өткөрүү иштери КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына дайындалды. Ишке ашырууну КР Өкмөтү тарабынан бекитилген, маалыматтык ресурстардын ыйгарым укуктуу техникалык оператору менен биргеликте жүргүзүлөт.

Электрондук эсеп-фактураларды түзүү, жүргүзүү, тариздөө жана колдонуунун, ошондой эле документтин өзүнүн формасы менен эсеп-фактуралардын колдонулбаган серия жана номерлеринин калдыктары жөнүндөгү кабарламанын формасы жөнүндөгү убактылуу тартип, 2019-жылдын 15-апрелинен КР Өкмөтүнүн № 161-Токтому менен бекитилген.

Долбоорго катышуу жөнүндө чечим кабыл алган КНС төлөөчүлөрү кийинки шарттарды билүүсү зарыл:

  • Долбоордун катышуучусу катары каттоодон өтүү;
  • Эсеп-фактуралардын колдонулбаган серия жана номерлери жөнүндө кабарлама менен катталуунун алдындагы акыркы ай үчүн КНС боюнча отчетун салыктын катталган жери боюнча салык органына тапшыруу.

Пилоттук долбоордун катышуучусу катары катталган күнүнөн эсеп-фактуралардын колдонулбаган серия жана номерлеринин калдыктары (тармактык эсеп-фактураларга да тиешелүү) жараксыз деп эсептелет.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Токтомунун аракети пилоттук долбоорго катышуучу катары каттоо тууралуу салык органы чечим кабыл алган датадан тартып пилоттук долбоорго катышкан КНС салыгын төлөөчүлөргө колдонулбайт.

Кененирээк маалымат алуу үчүн КР МСКнын чалуу борборуна 194 номери менен байланышууну суранабыз.

2019-жылдын 15-апрелинен КР Өкмөтүнүн № 161-Токтомуна шилтеме: http://cdb.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/13540

07.05.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...

28.05.2025
Отчет тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу боюнча маанилүү маалымат

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык  Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...

28.04.2025
Майдын 1нен 11не чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...

18.03.2025
21-март – дем алыш күн

21-мартта «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде, Нооруз майрамына байланыштуу, дем алыш күн болоорун маалымдайт. Ал \ми электрондук отчет тапшыруучу СОчИ системасы күнү-түнү, дем алышсыз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...