Публикациялар

ДосТэк групп жаңылыктары менен онлайн чат Сиздин телефонуңузда!

pic

Электрондук отчеттуулук системасынын колдонуучуларына биздин жаңылыктарды алуунун дагы бир жолу -  Dostek.kg news расмий Телеграм-каналы жөнүндө эскертебиз. Ошондой эле, Телеграмда Dostek.kg online чаты бар, ал аркылуу биздин адистерге кайрылып, тез арада жооп алууга болот.

Телеграм мессенджерин мобилдик телефонго жүктөп алуу өтө ыңгайлуу. Анткени, компьютер ар дайым жаныңызда болушу мүмкүн эмес, ал эми маанилүү маалыматты телефондон окуп туруу ыңгайлуу.

Dostek.kg news каналы – бул жерде биз бухгалтердик электрондук отчеттулук тармагындагы бардык маанилүү жана актуалдуу маалыматты жарыкка чыгарабыз: СОчИ системасында жана отчеттук формалардагы жаңылануулар, мыйзамда болгон өзгөртүүлөр, ж.б. Каналга шилтеме: https://t.me/dostekgroup

Dostek.kg online чаты – бул жерде биздин адистерге суроо берип, кеңеш алып, керектүү файлдарды жөнөтүүгө болот. Чатка шилтеме: https://t.me/DostekBot 

Азырынча, чаттын бир гана кемчилиги – кайрылууларга жооп жумуш убактысынын чегинде гана, дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9.00дөн 17.30га чейин ала аласыздар.

 

Ушул жылдын жазынан баштап, Телеграмдын ишин токтотуу жөнүндө көп билдирүүлөр жасалган, бирок мындай маалыматты уккандан кийин колдонуучулар тарабынан тиркемени жүктөө көбөйгөн. Адистердин айтымында, Россияда да, башка өлкөлөрдө да, Телеграмдын ишин токтотууга же аны жабууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок, мессенджердин иштөөсүнө убактылуу гана тоскоолдук түзүү мүмкүн, анткени анын техникалык түзүлүшү мындайга жол бербейт.

16.11.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2025
21-март – дем алыш күн

21-мартта «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде, Нооруз майрамына байланыштуу, дем алыш күн болоорун маалымдайт. Ал \ми электрондук отчет тапшыруучу СОчИ системасы күнү-түнү, дем алышсыз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

12.02.2025
Нарын шаарында колтамга жаздыруучу жаңы кеңсе ачылды

Нарын шаарында электрондук колтамгалардын мөөнөтүн узартуу жана Рутокен ЭЦП 3.0 жеке сактагычын берүүчу өнөктөштүк кеңсе ачылды. ⠀ Жайгашуусу: Нарын ш. Үсөн уулу Абаскан көчөсү, 5 +996 700 282 852 ⠀ Иш тартиби: ДШ – ЖМ, 10.00 - 1...

10.01.2025
1-ФХД-МИКРО стат отчету 4-квартал үчүн тапшырылбайт

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 1-ФХД-МИКРО «Ишкана (уюмдун) негизги каржы-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча» статистикалык отчету 4=квартал үчүн тапшырылбай турганын маалымдайт. Анын ордуна отчеттун жылдык формасын толтуруп, Улуттук ст...

09.01.2025
2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү болоорун маалымдайт. Аймактагы кеңселердин иш убактысын алдын ала тактаңыздар. ...