Публикациялар

Кызмат көрсөтүүчү бухгалтерлер жана бухгалтердик компаниялар үчүн сунуш

pic

«DOS TEK GROUP» компаниясы кызмат көрсөтүүчү бухгалтерлер жана бухгалтердик компаниялар үчүн атайын сунуш катары комплекстүү ЭСКК сертификатын (2-ЭСККнун кызматын аткарган) тартуулайт. Комплекстүү ЭСКК бардык кызмат көрсөтүлүүчү компаниялардын отчеттуулугуна кол коюуга мумкүнчүлүк берет. Биринчи жана экинчи ЭСКК (жетекчиге жана бухгалтерге) алуу каралган компанияларга бухгалтердик кызмат көрсөтүүчү бухгалтерлер же компаниялар үчүн комплекстүү ЭСКК сертификаты өздөрүнүн жана кардарларынын 2-ЭСККга болгон чыгымдарын азайтууга шарт түзөт. Комплекстүү ЭСКК сертификатынын 1 жылдык баасы - 1555 сом. Бирок биринчи жана экинчи ЭСККну, СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ, корголгон эс тутумга жаздыруунун зарылдыгы тууралуу эскертебиз. Комплекстүү ЭСКК сертификатын жаздыруу үчүн корголгон эс тутумга алдын ала заказ берүү максатында Форма №2 табыштамасын (заявка) бул жерден көчүрүп алсаңыздар болот. Толтурулган табыштаманы sales@dostek.kg дарегине 2014-жылдын 26-декабрына чейин жөнөтүү зарыл. Алдын ала берилген заказды төлөө банктык котормо жолу менен - 2014-жылдын 26-декабрына чейин, ал эми накталай компаниянын кеңсесине – 2014-жылдын 29-декабрына чейин жүргүзүлүүсү керек.

16.12.2014 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...