Публикациялар

Айкын оферта келишиминин мазмунуна өзгөртүүлөр киргизилди

pic

«DosTek group» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларына маалымдайт: компаниянын ишмердүүлүгүнө негиз болгон кээ бир нормативдик-укуктук актылардын өзгөрүшүнө байланыштуу, Айкыг оферта келишиминин мазмунуна да өзгөртүүлөр киргизилди.

1) «Электрондук кол тамга жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, «электрондук санариптик кол тамга» «электрондук кол тамга» болуп, ал эми «ЭСКК» кыскартуусу «ЭКК»га алмашылды.

2) Электрондук отчеттулукту жеткирүү ыкмасы «электрондук түрдө, электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен» деген жерине «жана/же почта жөнөтүүлөрү түрүндө» сөз айкалышы кошулду.

3) «Терминдер жана аныктоолор» бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр:

- «Акцепт» термининин аныктоосу кошулду;

- «ЭКК (электрондук кол тамга)» термининин түшүндүрмөсүнө кийинки тактоо киргизилген: «2017-жылдын 19-июлунда кабыл алынган № 128 «Электрондук кол тамга жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, Оператордун Күбөлөндүрүүчү борбору тарабынан жасалган ЭКК, коргоо даражасы жана сапатынын деңгээли боюнча күчөтүлгөн квалификациялуу электрондук кол тамга болуп эсептелет»;

- «Почта байланышы», «Почта жөнөтүүлөрү» жана «Почта байланышынын мекемелери» түшүнүктөрү кошулган.

4) Оператордун кызмат көрсөтүүсүнүн негиздерин баяндалган 1.2, пунктуна::

- КР байланыш мамлекеттик агенттигинен почта байланышы тармагында иш жүргүзүүгө укук берүүчү Лицензия тууралуу маалымат кошулган;

- «Маалыматташтыруу жөнүндө» КР Мыйзамы аны алмаштырган «Электрондук башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүлгөн;

- «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» КР Мыйзамы аны алмаштырган «Электрондук кол тамга жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүлгөн;

- «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамы кошулган.

5) «Кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби» бөлүгүнө жаңы 3.13 жана 3.14 пункттары кошулган. Аларда электрондук кол тамганы жаңыртууда Абоненттин милдеттери такталган.

6) «Келишимдин иштөө мөөнөтү жана аны жокко чыгаруу шарттары» бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген, бирок жалпы мааниси өзгөрүлгөн жок.

Айкын оферта келишиминин жаңы редакциясы 2018-жылдын 22-мартынан күчүнө кирип, сайттын «Документтер» бөлүгүндө жарыяланат.

06.03.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...