Публикациялар

Жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жаңы тартиби

pic

«DosTek group» компаниясы маалымдайт: жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби өзгөрдү. Бирдиктүү салык же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча ыктыярдуу патент сатып алуучу жеке ишкерлер эми камсыздандаруу төгүмдөрүн төлөөгө болот.

2017-жылдын 15-июлунан «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамына, төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүштүрүү тартиби жана бирдиктүү салык же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча жалпы салык режиминин негизинде жана/же атайын салык режимдеринин негизинде ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жеке ишкерлерлер үчүн өзгөртүүлөр киргизилген.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» КР Мыйзамы боюнча салыштыруу таблицасын сунуштайбыз.

Эски редакция

Жаңы редакция

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 9 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз.

 

 

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Мыйзамдын жаңы редакциясында көрсөтүлгөндөй, төлөө тартиби КР Өкмөтү тарабынан, б.а. 2013-жылдын 22-майында КР Өкмөтүнүн № 278-токтому (2017-жылдын 24-августунан КР Өкмөтүнүн №527-токтомунун редакциясында) менен бекитилген, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндөгү Колдонмо менен аныкталат.

2013-жылдын 22-майында КР Өкмөтүнүн № 278-токтому (2017-жылдын 24-августунан КР Өкмөтүнүн №527-токтомунун редакциясында) менен бекитилген, Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндөгү Колдонмосунан үзүндү келтиребиз:

«34. Бирдиктүү салыктын же салык контрагынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө төлөшөт, анын ичинен:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз».

«38. Жалданган кызматкерлердин эмгегин пайдаланган жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Нускаманын 34, 35 жана 35-1-пункттарына ылайык жүргүзө алышат, же текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жалданган кызматкерлерден сырткары ушул Нускаманын 6-пунктуна ылайык өзүнө жана жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык формада Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостторун берүү аркылуу жүргүзө алышат. Тандоо укугу жеке ишкерлерден жазуу жүзүндө арыз алуу аркылуу отчеттук жылдын башында жылына бир жолу 31-январга чейинки мөөнөткө берилет».

Колдонмонун 6-пункту камсыздоочунун эсептешүү эсебине банктык мекемелерден же төлөө терминалдары аркылуу төгүм төлөө жолу менен жалданма эмгекти колдонуучу уюмдар же жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин баяндайт (б.а. камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнун жалпы тартиби).

Бул өзгөрүүлөр эмнени билдирет?

1. Бирдиктүү салыктын же салык контрагынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы тарифти өзгөртпөстөн төгүмдөрдү фонддорго бөлүштүрүү тартиби өзгөртүлгөн. «Пенсиядык фондко» бөлүштүрүлүүчү төгүмдү азайтуунун эсебинен «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна» - төгүмдүн 0,25 % кошулган.

2. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан төлөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жеңилдеген. Жаңы тартип салыкты жалпы салык режиминин же атайын салык режиминин негизинде иштөөчү жеке ишкерлерге өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин тандоого мүмкүнчүлүк берет, андыктан эми берилмелерин «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостуна» киргизбестен ыктыярдуу патент сатып алуу (эски тартип) же камсыздандыруу төгүмдөрүн өзүнө жана жалданган кызматкерлер үчүн жалпы жол менен төлөп, берилмелерин эсептик ведомостко киргизүү (жаңы мүмкүнчүлүк) жолун тандаса болот.

Бирок камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин тандоо мүмкүнчүлүгүн, жеке ишкер жылына бир гана жолу 31-январга чейин төлөөчу катталган Социалдык фонддун райондук (шаардык) башкармалыгына кат түрүндөгү арыз менен кайрылып, колдонсо болооорун эстен чыгарбоо керек.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибинин тандалган түрүнө карабастан, төлөөчү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү, аймак боюнча орточо айлык эмгек акынын 10 % боюнча калат. Бирок бул кызматкердин эмгекке төлөө фондунун суммасы аймак боюнча орточо айлык эмгек акыдан (СМЗ) кем көрсөтүлүшү мүмкүн эмес (жогору көрсөтүүгө болот).

Жеке ишкердин төгүмүн фонддорго бөлүштүрүү таблицасы

Кызм-дин категор-н коду

ке

 

Кызм-дин категор-н аталышы

Пенсиялык  фонд

Милдетүү медициналык камсызд-руу фонду

Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фонду

НПФ

Доп ФОТ       аныктоо үчүн     СМЗ көлөмү

 

Жумуш берүүчү

​ Кызмат кер  

Жумуш берүүчү

​ Кызмат кер  

Жумуш берүүчү

 Кызмат кер  

​ Кызмат кер  

Эгер ФОТ<СМЗ,  анда ФОТ = СМЗ болот, эгер ФОТ ≥ СМЗ, анда ФОТ = факт боюнча.

103

Жеке  ишкер

8,75

0

1

0

0,25

0

0

Жаңы тартиптин киргизилиши менен жогоруда аталган категорияга кирген жеке ишкерлерди маалыматка көңүл буруусун суранабыз: КР Социалдык фондунун «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомостунун» (Форма 1) 13-мамычасына (Кызматкердин категориясы) «103-жеке ишкер» жаңы коду киргизилди.

16.01.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
23.06.2026
Компаниянын кызматтарына баалардын өзгөртүлүшү

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкү кызматтардын бааларына өзгөртүү киргизиле тургандыгын маалымдайбыз: Квалификацияланган электрондук кол тамганы (ЭКТ) чыгаруу/мөөнөтүн узартуу – 1550 сом. «Рутокен ЭЦП 3.0»...

09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 22-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коенкозов көчөсү 8де кеңсенин акыркы иш күнү - 19-июнь. Коёнкөзов көчөсү, 8 д...

25.05.2026
27-май – компанияда дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

23.04.2026
Майдын 1нен 10на чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...