«DosTek group» компаниясы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер/кызматкерлер жана гонорар (сыйакы) алуучу жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмүнүн тарифи өзгөрүлгөндүгүн маалымдайт.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" КР Мыйзамын (2017-жылдын 29-июну № 112) кабыл алууга байланыштуу, 2017-жылдын 15-июлунан тартып төлөөчүлөрдүн кээ бир категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрдү. Төмөндөгү таблицада, жогоруда аталган КР Мыйзамы менен 7-беренеге киргизилген өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн.
Салыштыруу таблицасы
|
Эски редакция |
Жаңы редакция |
|
1. Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго – 9 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз. |
1. Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
|
|
4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү берененин 1-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
|
4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 90 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз. |
Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмүнүн көлөмү өзгөрүүсүз калды (орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес), бирок бул тарифти кошуу тартиби өзгөрүлдү.
Эгер буга чейин бул категориядагы жактар камсыздандыруу төгүмүнүн көлөмүн өзүнүн аймагындагы орточо айлык эмгек акыга жараша гана эсептесе, азыр кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл-чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынын көлөмүнөн жогору көрсөтө алат (бирок милдеттүү эмес).
Ошондой эле, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (айыл-чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн, төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн фонддоруна бөлүштүрүү тартиби өзгөртүлгөн. «Пенсиялык фондко» төлөнүүчү төгүмдөрдүн көлөмү азайганынын эсебинен, «Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна» 0,25% төгүмдөр кошулган.
Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар үчүн өзгөртүүлөр камсыздандыруу төгүмдөрун кошуу бөлүгүнө киргизилген. Буга чейин бул категориядагы жактар камсыздандыруу төгүмүнүн көлөмүн өзүнүн аймагындагы орточо айлык эмгек акыга жараша төлөнсө, азыр алынган гонорардын (сыйакы) нак суммасынын көлөмүнөн, эч кандай чектөөсүз, төлөнөт. Төлөнүүчү сумманы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн фонддоруна бөлүштүрүү тартиби өзгөрүүсүз калды.
Жогорудагы өзгөртүүлөр «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептик ведомость» отчетунун эсептөө алгоритмине киргизилгендиктен, аталган категорияга кирген СОчИ системасынын колдонуучуларынан «Форма 1» отчетун толтурууда маалыматты эске алуусун суранабыз.
11.01.2018 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...