Публикациялар

Жаңы 2018-Жылыңыздар менен куттуктайбыз!

pic

Урматтуу кардардар!

Мына ушинтип календарлык жыл аягына чыгууда. Сиздер биз менен чогуу болгон дагы бир жылда, СОчИ системасында отчетторуңуздарды түзүп, жөнөттүңүздөр, бизге кат жазып, телефон аркылуу кайрылдыңыздар – мунун баары биздин ишибизди мааниге толтурду. А биз болсо, системабыздын үзгүлтүксүз иштегенине сүйүнүп, Сиздердин сурооңуздарга жооп берип, пайдалуу болгонубузга кубандык, кызматтарыбызды Сиздерге ыңгайлуураак болушу үчүн план түздүк, кызуу талкууладык. Кыскасы, өткөн жыл кызыктуу жана түйшүктүү, бирок эң негизгиси – жемиштүү болду. Бул биздин биргеликте жетишкен ийгилигибиз!

Жаңы Жыл алдында, Сиздерге кааларыбыз: чың ден-соолук, ишиңиздерде ийгиликке жетүү, бакубат жашоо жана өсүп-өнүгүү. Жаңы Жыл Сиздерге көп кубанычтуу күндөрдү, бакытка толгон көз ирмемдерди тартууласын!

Ал эми биз Жаңы Жылда кызматташтыгыбыздын уланышын тилейбиз!

Урматтоо менен,

«DosTek group» эмгек жамааты.

28.12.2017 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...