Урматтуу СОчИ системасынын колдонуучулары!
Төмөнкү учурларда СОчИ системасынын колдонуучусу болгон уюмдун ИННин, сөзсүз түрдө, көрсөтүүнү суранабыз:
- Банктык акча которуу аркылуу СОчИ системасындагы балансты толуктооодо – банктык төлөмдүн багытында сөзсүз уюмдун ИННин көрсөтүү;
- электрондук почтага салыштыруу актысын жөтөнүүнү суранып кайрылганда – сөзсүз уюмдун ИННин жана салыштыруу мөөнөтүн көрсөтүү;
- электрондук почтага төлөө эсебин жөтөнүүнү суранып кайрылганда – сөзсүз уюмдун ИННин жана эсептин суммасын көрсөтүү;
- электрондук почтага отчеттуулук менен кандайдыр-бир көйгөй болуп кайрылганда – сөзсүз уюмдун ИННин жазуу;
- www.dostek.kg сайтынан жумуш күнү аяктагандан кийин (17.30дан кийин) чат аркылуу билдирүү жөнөткөндө – сөзсүз уюмдун ИННи менен байланышуу маалыматын жазуу зарыл.
Жогоруда аталган эрежелерди сактабоо, «DosTek group» адистерине колдонуучулардын сурагына карата иш аракеттерди жасоого тоскоолдук жаратат (акча каражатын баланска «отургузуу», керектүү документтерди жөнөтүү же техникалык көйгөйлөрдү чечүү). Натыйжада, эки тарап тең көп убакытын бекер кетиришет.
Сиздердин түшүнүүңүздөргө умүттөнөбүз, көңүл бурганыңыздарга рахмат!
05.12.2017 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...