«DosTek group» компаниясы Айкын оферта келишиминин шарттарында өзгөрүүлөр болгондугун билдирет. Келишимдин жаңы редакциясы 2017-жылдын 21-апрелинде компаниянын www.dostek.kg расмий сайтында жарыяланып, күчүнө кирет.
Тагыраак айта кетсек, өзгөрүүлөр кийинки пункттарга киргизилди:
3.8. Чалуу борборунун телефонунун номери 0312 960 888 жаңы 0312 960 360 номерине алмаштырылды.
3.9. ЭСКТны булутта сактоо кызматынын төлөмү эми ай сайын төлөнбөстөн, ЭСКТны колдонуп документке кол коюлган фактынын негизинде гана төлөнүү шартына алмаштырылды, б.а. ЭСКТны булутта сактоонун төлөмү, отчетко же онлайн буйрутмага ЭСКТ менен кол коюлган айда гана, эсептеп чыгарылат.
3.11. жана 3.12. жаңы пункттары кошулду. Аларда ЭСКТны, СОчИден тышкары, башка электрондук системаларда колдонуу үчүн «RuToken ЭЦП 64k» корголгон эс тутумун тандоонун зарылдыгы айтылган. Андан тышкары, мөөнөтү аяктай элек ЭСКТны булуттагы сактагычтан «RuToken ЭЦП 64k» эс тутумуна которуу үчүн ЭСКТнын баасын толугу менен төлөө шарты бар.
18.2.3. пунктуна булутта сакталган ЭСКТнын мөөнөтүн автоматтык түрдө узартуу үчүн онлайн буйрутма жөнөтүү тууралуу айтылган. Буйрутма ЭСКТнын мөөнөтү аяктаганга 3 (үч) жумуш күнүнөн кем эмес убакыт калганча жөнөтүлүшү керек.
Айкын оферта келишиминин калган шарттары өзгөрүүсүз калтырылды.
06.04.2017 Жаңылыктар тизмесине"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...