Публикациялар

Интернет аркылуу отчет берүү системасынын модернизацияланышы

pic

Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатып, көлөмүн көбөйтүү үчүн жана СОчИ платформасын мамлекеттик органдардын сервистерине ылайыкташтыруу максатында, «DOS TEK GROUP» компаниясы СОчИнин иштөө регламентинде, кызматтардын тарификациясында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө жана СОчИнин техникалык, программалык каражаттарын модернизациялоо тууралуу өзүнун кардарларына маалымдайт.
Кийинки мезгилдеги макроэкономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу, өзгөчө АКШ долларынын курсунун кескин түрдө жогорулашы, СОчИнин жана Күбөлөндүрүүчү Борбордун программалык-аппараттык комплексинин ишине жана жаңылануусуна жумшалган каражаттардын өсүшүн эске алганда, биздин сервистерди сапаттуу жакшыртуу техникалык жана тарифтик саясаттын өзгөрүүлөрүсүз мүмкүн эмес.
Жаңы тарифтик саясат бир катар артыкчылыктарга ээ:

  1. Кардар тапшыра турган отчеттордун пакетин өзү түзө алат. Биздин компаниянын техникалык колдоо көрсөтүүчү адистери кардардын ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсү боюнча отчеттордун пакетин түзүүдө ар дайым акысыз кеңеш берүүгө даяр;
  2. Сиз тапшырган отчетторуңуз үчүн гана төлөйсүз;
  3. Отчеттук формалардын баасы, граждандык-укуктук статусуна жана чарбалык формасына карабастан, бардык кардарлар үчүн бирдей.


Жаңы тарифтер менен СОчИнин “Тарифтер” бөлүмүндө 2014-жылдын 5-декабрынан тааныша аласыздар.
Интернет аркылуу отчет берүү системасынын (СОчИ) жаңы программалык-аппараттык платформасы азыркы системадан берилиштерди иштеп чыгуунун жогорку ылдамдыгы менен (документтерди түзүү, архив менен иштөө, отчетторду өткөрүү), салык отчеттуулугунун автоматтык түрдө кабыл алынган формаларынын көбөйүшү, кошумча байланыш жана камсыздандыруу каналдарынын ырасталышы менен айырмаланат.
Системанын жаңылануусу менен төмөндөгү бир катар жаңы кызматтар жеткиликтүү болду:

 

  • Колдонуучуларды отчеттордун абалы жөнүндө маалымдоо;
  • СОчИнин ар бир колдонуучусунун жеке кабинети пайда болду;
  • Отчет тапшырууга байланыштуу суроолорду жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк;
  • Жарнамалык кулактандырууларды жайгаштыруу жана көрүү мүмкүнчүлүгү;
  • ЭСККну “булутта” («DOS TEK GROUP» Күбөлөндүрүүчү Борборунун серверинде) сактоо.


СОчИ жаңы платформасынын ийгиликтүү иштөөсү жана жаңы сапаттуу кызматтарды көрсөтүүсү үчүн биз кошумча маалыматка муктажбыз. 2014-жылдын декабрь айынын ичинде биздин колл-центрдин операторлору маалыматты тактоо максатында кардарлар менен байланышат. Андыктан, «DOS TEK GROUP» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына керектүү маалымат топтоого көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылат.
Жаңыланган система 2015-жылдын 1-январынан жеткиликтүү болот.
Урматтоо менен, «DOS TEK GROUP» компаниясынын түзүүчүлөрү, жетекчилиги жана эмгек жамааты.

 

01.12.2014 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...

28.05.2025
Отчет тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу боюнча маанилүү маалымат

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык  Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...