Публикациялар

«DosTek group» жаңы сайтынын мүмкүнчүлүктөрү

pic

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

Биз жаңы расмий сайтыбызды ишке киргиздик. Сиздердин көңүлүңүздөрдү жаңы сайттын мүмкүнчүлүктөрүнө бургубуз келет.

СОчИ системасына кирүү – жаңы сайтта электрондук отчеттулук системасына кирүүчү көнгөн баскыч оң жогорку тарапта жайгаштырылган.

Жаңы бөлүмдөр – «Кызматтар», «Документтер», «Төлөө» и «Жардам» аттуу жаңы бөлүмдөр пайда болду. 3 бөлүктөн турган “Жардам” бөлүмүнө токтоло кетели:

«Жардам» - көп кезиккен суроолор менен алардын жооптору жайгашкан бөлүк;

«Колдонмолор» - системада иштөө, төлөө жана кошумча кызматтар жөнүндөгү кеңири колдонмолор жыйналган;

«Алыстан колдоо» - бул жерден алыстан колдоо көрсөтүү программасын кошуу жөнүндөгү маалымат тапса болот.

Бухгалтердин календары – башкы беттин төмөн жагында отчеттулукту тапшыруу мөөнөттөрүн билүү мүмкүнчүлүгү бар.

Онлайн чат – эгер шашылыш суроолор пайда болуп, биздин чалуу борбор менен байланыша албай жатчаңыздар, суроолоруңузду онлайн чатка жазыңыз. Операторлор онлайн жооп жөнөтүшөт.

Тарифтик калькулятор – «Тарифтер» бөлүмүндө кызматтардын төлөмү айына, квраталына же жылына канча болоорун эсептей аласыздар. Төлөмдүн көлөмү туура эсептелүү үчүн ишкерлигиңиздин категориясын иуура тандаңыз.

Биздин жаңы сайт Сизге жакшы жардамчы болуп, керектүү маалыматты тез табууга мүмкүнчүлүк берээрине ишенебиз.

22.03.2017 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
13.02.2026
Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөрдү

"ДОС ТЭК ГРУПП" компаниясы Манас жана Токтогул шаарларында кеңселердин дареги өзгөргөндүгүн  маалымдайт. Жаңы даректер: Манас ш. Пушкин көч. 38 ("МирФарм" дарыканасынын жанында). +996 (557) 960 360, +996 (777) 960 ...

26.12.2025
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталардагы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 2025-жылдын акыркы иш күнү – 30-декабрь. Ал эми жаңы 2026-жылы компания өз ишмердүүлүгүн 12-январдан баштайт. Баарыңыздарга жакшы эс алуу ...

30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...