Публикациялар

Кварталдык отчетторду тапшырбай турууну суранабыз

pic

КР Мамлекеттик салык кызматы кварталдык отчеттулуктун формаларына жаңы бланк киргизүүсүнө жана учурда мамлекеттик орган тарабынан текшерүү системасын жөнгө салуу жүргүзүлүүсүнө байланыштуу, «DosTek group» компаниясы өзүнүн кардарларынан кварталдык салык отчетторун 2016-жылдын 14-октябрына чейин тапшырбай туруусун суранат.

Төмөндө тапшырууну токтотуп туруучу отчеттук формалардын тизмеси көрсөтүлгөн:

  1. Кичи ишкерликтин субъектинин сатуудан алынган салыгы боюнча отчет (FORM STI- 129);
  2. Орто ишкерликтин субъектинин сатуудан алынган салыгы боюнча отчет (FORM STI- 130);
  3. Кичи ишкерликтин субъектинин бирдиктүү салыгы боюнча отчет (FORM STI- 091);
  4. Салык агенти тарабынан төлөнгөн кирешелер жана киреше салыгы боюнча кармалган суммалар жөнүндөгү маалымат (FORM STI-017).

Жогоруда аталган отчеттордун жаңы бланктарын, КР МСКнын сайтында кийинки шилтемелер боюнча көрүүгө болот: https://clck.ru/AAEb3 жана https://clck.ru/AAEdV

КР МСК тарабынан бардык иштер аяктап, СОчИ системасында отчеттуулукту жаңы бланктар менен тапшыруу мүмкүнчүлүгү ачылгандан кийин, тийиштүү жаңылык жарыяланат.

30.09.2016 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2025
21-март – дем алыш күн

21-мартта «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде, Нооруз майрамына байланыштуу, дем алыш күн болоорун маалымдайт. Ал \ми электрондук отчет тапшыруучу СОчИ системасы күнү-түнү, дем алышсыз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

12.02.2025
Нарын шаарында колтамга жаздыруучу жаңы кеңсе ачылды

Нарын шаарында электрондук колтамгалардын мөөнөтүн узартуу жана Рутокен ЭЦП 3.0 жеке сактагычын берүүчу өнөктөштүк кеңсе ачылды. ⠀ Жайгашуусу: Нарын ш. Үсөн уулу Абаскан көчөсү, 5 +996 700 282 852 ⠀ Иш тартиби: ДШ – ЖМ, 10.00 - 1...

10.01.2025
1-ФХД-МИКРО стат отчету 4-квартал үчүн тапшырылбайт

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 1-ФХД-МИКРО «Ишкана (уюмдун) негизги каржы-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча» статистикалык отчету 4=квартал үчүн тапшырылбай турганын маалымдайт. Анын ордуна отчеттун жылдык формасын толтуруп, Улуттук ст...

09.01.2025
2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү болоорун маалымдайт. Аймактагы кеңселердин иш убактысын алдын ала тактаңыздар. ...