«DosTek group» компаниясы СОчИ системасынын бардык колдонуучуларынан, салык отчеттуулугунун формаларында болгон өзгөрүүлөргө көңүл буруусун суранат.
1. «Туруктуу уюштуруу менен байланышы жок, Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алган чет элдик уюмдун киреше салыгы боюнча отчетунун» (Form STI-106) жаңы формасы киргизилип, отчеттуулук формаларынын тизмесинде «Form STI-106_2016» деп белгиленди. Бул отчеттун эски формасы, жаңы форма киргизилген мезгилге чейин, тактоочу түрдө тапшыруу үчүн жеткиликтүү жана системада «Form STI-106» деп белгиленет.
2. СОчИ системасынын колдонуучуларынын суранычы боюнча жана КР Мамлекеттик салык кызматынын макулдугу менен “Кошумча нарк салыгы боюнча отчетунун” (Form STI-062 ЕАЭС 2016) формасына өзгөрүүлөр киргизилди.
Такгыраак айтканда, эгер 4-графага (Код поставки) «100, 101, 115, 122, 123, 200-225” коддору киргизилип, 5-графага (Наименование покупателя) “ККМ, БСО, ЭУО ж.б.” тандалып, ал эми 6-графага (ИНН покупателя) «99999999999999» жазылган учурларда – буга чейин 1-графадагы (Дата выписки) дата отчеттук мөөнөттүн акыркы күнүнө туура келиши керек болчу, ал эми азыр салык төлөөчү каалаган датасын коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Ошондой эле, бул параметрлер үчүн «В случае с применением «ККМ, БСО, ЭУО и т.д.» дата поставки должна быть равна дате выписки» шарты алып салынган.
СОчИ системасынын колдонуучуларынан, шаблонду толтурууда өзгөчө көңүл коюууну суранабыз.
27.09.2016 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...