Кардарлардын суранычтарына байланыштуу, «DosTek group» компаниясы лоялдык программасын кайра жүргүзөт.
Программанын шарттары:
Жайкы лоялдык программасына катышуу менен компаниянын бардык кызматтарына (электрондук-санариптик кол тамгадан тышкары) жылдык жеңилдетүу алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңилдетүунүн көлөму жеке балансты толуктаган сумманын көлөмүнө жараша эсептелет.
Бул өтө жөнөкөй! Сиз СОчИ системасындагы жеке балансыңызды толуктап, кийин ал сумманы өз каалооңуз менен колдоносуз, ал эми биз Сизге 1 жыл бою жеңилдетүу менен кызмат көрсөтөбүз. Жеңилдетүунүн көлөмү жана иштөө мөөнөтү жөнүндө электрондук почтаңызга маалыматтоо катын аласыз.
Мөөнөтү: жеңилдетүу, жеке балансын 2016-жылдын 1-июнунан 30-августуна чейин толуктаган колдонуучуларга ыйгарылат. Жеңилдетүүлөр баланс толукталган күндөн тартып 1 жыл бою иштейт.
Катышуучулар: Жайкы лоялдык программасына СОчИ системасынын ар бир колдонуучусу (компаниянын кызматтарына жеңилдетүүнү алып жаткандардан тышкары) катыша алат.
Суммалардын көлөму жана аларга тиешелүү жеңилдетүулөр
№ |
Толуктоочу сумманын көлөмү |
Ыйгарылуучу % көлөмү |
1 |
5 000ден 10 000 сомго чейин |
5% |
2 |
10 000ден 15 000 сомго чейин |
7% |
3 |
15 000ден 20 000 сомго чейин |
10% |
4 |
25 000 сомдон ашык |
15% |
Жеңилдетүүлөр толукталган суммага жараша ыйгарылаарына көңүл бурууну суранабыз. Баланста болгон сумманын көлөмү жеңилдетүү алууга укук бербейт.
Программалар менен акциялар боюнча кошумча суроолорду pr@dostek.kg электрондук почтасы же 0312 314603 телефону аркылуу берсе болот.
Кошумча төлөө жолдору жөнүндө биздин сайттын “Колдонмолор” бөлүмүнөн же төмөнкү шилтеме аркылуу билсеңиздер болот: http://dostek.kg/?lang=kg&page=instruction&view=balance
12.07.2016 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...