Публикациялар

01.01.16-ж. баштап КР Соцфонду отчетторду 2 ЭСКТ менен кабыл алат

pic

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 20.11.2015-ж. 12-4/5107 номурун менен «DosTek group» компаниясына жиберген расмий катына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан КР Социалдык фондунун электрондук отчеттулук Системасына түшкөн отчеттордун баары эки ЭСКК менен кол коюлуп (жетекчиинин колу жана башкы бухгалтердин колу) жибериши керектигин маалымдайбыз

КР Социалдык фондунун бул талабы КР СФ электрондук отчеттулук Системасы ишке киришкендигине байланыштуу жана КР “Мамлекеттик социалдык камсыздоо жөнүндө” Мыйзамы, “Мамлекеттик социалдык камсыздоо боюнча эсептөө жана төлөм жүргүзүү боюнча колдонмосунун” негизинде ишке ашырылат.

КР СФ расмий катынан үзүндү: “Иштеп жаткан ишканалардын бардык отчетторунда аталган ЭСККнун бирөөсүнүн жоктугу, КР Социалдык фондунуну кураторлору тарабынан каралбастан, эскертүүсүз жана тийиштүү санкцияларды колдонуу менен четке кагылат. Бул кат аркылуу 2016-жылдын 1-январына чейин  “Дос Тэк групп” компаниясынын ишмердүулүгү аталган нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүүсү жөнүндө расмий түрдө маалымдайбыз”.

Бул жагдай “DosTek group” компаниясы менен кардардын ортосундагы карым-катташты жөнгө салуучу Айкын оферта келишиминин 7-бөлүмүнө ылайык келет, б.а. КР Социалдык фондунун талабы жеңилгис күч катары саналып, “DosTek group” компаниясынын каалоосуна көз карандысыз.

“DosTek group” компаниясына, кардардын бухгалтери жоктугу жөнүндөгү кат, ушундай эле мазмундагы Соцфондго жазылган каттын ал мекеме тарабынан отчеттулукту 1 ЭСКК менен тапшырууга уруксат берген визасы бар көчүрмөсү берилгенден кийин гана, кабыл алынат.

Бардык кардарлардан бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. 

КР Социалдык фондунун катына шилтеме.

11.12.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2025
21-март – дем алыш күн

21-мартта «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын кеңселеринде, Нооруз майрамына байланыштуу, дем алыш күн болоорун маалымдайт. Ал \ми электрондук отчет тапшыруучу СОчИ системасы күнү-түнү, дем алышсыз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

12.02.2025
Нарын шаарында колтамга жаздыруучу жаңы кеңсе ачылды

Нарын шаарында электрондук колтамгалардын мөөнөтүн узартуу жана Рутокен ЭЦП 3.0 жеке сактагычын берүүчу өнөктөштүк кеңсе ачылды. ⠀ Жайгашуусу: Нарын ш. Үсөн уулу Абаскан көчөсү, 5 +996 700 282 852 ⠀ Иш тартиби: ДШ – ЖМ, 10.00 - 1...

10.01.2025
1-ФХД-МИКРО стат отчету 4-квартал үчүн тапшырылбайт

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 1-ФХД-МИКРО «Ишкана (уюмдун) негизги каржы-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча» статистикалык отчету 4=квартал үчүн тапшырылбай турганын маалымдайт. Анын ордуна отчеттун жылдык формасын толтуруп, Улуттук ст...

09.01.2025
2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы 2025-жылдын 11-январы (ишемби) жумуш күнү болоорун маалымдайт. Аймактагы кеңселердин иш убактысын алдын ала тактаңыздар. ...