Публикациялар

КР МСКнан маалымдама керектелген кардарлардын көңүлүнө

pic

КР Мамлекеттик салык кызматынан карызы жоктугу жөнүндө маалымдама алууну көздөгөн, бирок СОчИ системасы аркылуу жөнөтүлгөн отчету, азыркы учурда, ИСНАК системасы тарабынан кабыл алынбаганына байланыштуу, маалымдама алууга мүмкүнчүлүгү болбогон кардарлардын көңүлүн бурабыз.

Жаңы үлгүдөгү отчеттор КР МСК тарабынан кабыл алуу системасынын жөндөлбөгөнүнө байланыштуу толугу менен кабыл алына элек жана райондук МСК башкармалыктары менен биздин компаниянын бирдиктүү иш-аракеттери менен бул көйгөйдү тез арада чечүүгө аракеттер жасалып жатат.

КР МСКнан карызы жоктугу жөнүндө маалымдама ала албай жаткан кардарлар, биздин компанияга МСКна кайрылууга чейин же маалымдаманын керектелген күнүнө чейин 3 жумушчу күн алдын ала кайрылышы зарыл. 2015-жылдын 5-ноябрынан баштап, 3 күндөн аз убакыттын ичинде бул маселени чечип берүүнү талап кылган кардарлардын кайрылуулары биздин компания тарабынан каралабайт

03.11.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...

28.05.2025
Отчет тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу боюнча маанилүү маалымат

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык  Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...

28.04.2025
Майдын 1нен 11не чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...