«DosTek group» компаниясы өзүнүн бардык кардарларына, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан СОчИ системасы аркылуу нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө түзүү жана жөнөтүү кызматына кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болоорун маалымдайт.
СОчИ системасын нөлдүк көрсөткүчтөрү бар отчетторду жөнөтүү үчүн колдонгон компаниялар жана жеке ишкерлер аталган кызматка 1 айдан чексиз убакытка чейинки мөөнөткө кошула алышат.
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан СОчИ системасынын ар бир колдонуучусунун жеке кабинетинде “Опции” жаңы бөлүмү пайда болот. Бул бөлүмдө колдонуучу каалаган сандагы отчетторду өз алдынча автоматтык түрдө жөнөтүү режимине кошо алат. Ошондой эле, жөнөтүү параметрлерин башкаруу жана жөнөтүлгөн отчеттордун статистикасын көрүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кызмат кошулгандан кийин, ар бир айдын 9- жана 14-күнүндө отчеттор система тарабынан түзүлүп, тийиштүү мамалекеттик органдарга жөнөтүлүп турат.
Кызматка кошулган отчеттордун санына карабастан, айлык баасы – 120 сом. Кызматтын төлөмү колдонуучунун балансынан, автоматтык режимге кошулган отчеттордун, айдагы биринчи жөнөтүлүшүндө алынат. «Нөлдүк отчетторду автоматтык түрдө тапшыруу» кызматын кошкондо, кызматтын төлөмүнөн тышкары отчеттук формалардын баасы жана ЭСККну булутта сактоонун (булутта сактоону колдонгондор үчүн) төлөмдөрү баланстан алынат.
28.09.2015 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...