Үстүбүздөгу жылдын 7-сентябрынан ЭСККну булутта сактоо кызматы жаңы режимде иштеп баштагандыгына байланыштуу, колдонуучулардын балансынан аталган кызматты колдонуу үчүн каражаттарды эсептен чыгаруу тартибинде бир аз өзгөрүүлөр болду.
Эми, баланстагы эсептен чыгаруу кардардын айдагы биринчи отчетту (отчеттун түрүнө жана жөнөтүлүүчү органга карабастан) жөнөтүү мезгилинде жүргүзүлөт. Мисалы, эгер колдонуучу кандайдыр бир отчетту жүрүп жаткан айда биринчи жолу тапшырса, анын балансынан отчеттун суммасы жана булутта сактоо кызматынын суммасы чогуу эсептен чыгарылат. Эгер ал мезгилде колдонуучунун балансында бардык сумманы камтыганга жетишээрлик каражат болбосо, жөнөтүлгөн отчет архивге түшүп, “Ожидает оплаты” статусунда болот. Эгер баланстагы каражат жетишээрлик болсо, отчет “Ожидает проверки в К/П” статусу менен архивге жайгаштырылат. Эки ЭСККну колдонгондор үчүн: эгер отчет бухгалтердин ролунда жөнөтүлсө, ал архивде “Ожидает проверки руководителем” статусунда, ал эми жетекчинин ролунда жөнөтүлсө – “Ожидает проверки бухгалтером” статусунда болот.
Ошол эле айдын ичинде кийинки отчетту жөнөтүүдө, колдонуучунун балансынан отчеттун суммасы гана эсептен чыгарылат.
Эгер бир айдын ичинде колдонуучу тарабынан бир да отчет жөнөтүлбөсө, булутта сактоо кызматынын төлөмү ал ай үчүн эсептен чыгарылбайт.
07.09.2015 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...