“DosTek group” компаниясы 2 ЭСКК (жетекчи жана бухгалтер) колдонгон кардарларга эскертет: отчеттулукту кабыл алуудагы мамлекеттик органдардын талаптарына ылайык жана системада жасалган иш аракеттери үчүн ЭСКК ээлеринин бирдей жоопкерчилигин сактоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан СОчИ системасында отчетторду жөнөтүү параметрлери бир аз өзгөрүүлөргө учурайт.
Тагыраак айтканда, системада отчеттор кандай ролдо (жетекчи, бухгалтер) жөнөтүлсө да, экинчи кол коюусуз анык деп эсептелбейт. Мисалы, бухгалтер ролунда жөнөтүлгөн отчет, жетекчинин ЭСККсусуз мамлекеттик органга жеткирилбейт, ошондой эле жетекчинин ролунда жөнөтүлгөн отчет бухгалтердин ЭСККсу коюлбаса багытталган органга жетпейт.
Отчет бухгалтер тарабынан түзүлүп, мамлекеттик органга жөнөтүлсө, автоматтык түрдө жетекчинин жеке кабинетиндеги "Отчеты на подпись" бөлүмүнө келип түшөт. Эгер отчет жетекчи тарабынан түзүлүп, мамлекеттик органга жөнөтүлсө, автоматтык түрдө бухгалтердин жеке кабинетиндеги "Отчеты на подпись" бөлүмүнө (бул бөлүм 1-сентябрдан баштап пайда болот) келип түшөт. Документке кол коюу үчүн аталган бөлүмгө кирип, отчетту ачып, текшергенден кийин, "Подписать" баскычын басуу керек.
Экинчи тактоочу ЭСККсу жок отчеттор, документ толук кол коюлганга чейин “жетекчинин колун күтүүдө” же “бухгалтердин колун күтүүдө” статусу менен архивде жайгашат.
Эки ЭСКК колдонгон бардык кардарлардан СОчИ системасындагы жогоруда аталган өзгөрүүлөрду эске алуусун суранабыз.
19.08.2015 Жаңылыктар тизмесине«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...
«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...