Публикациялар

STI-022 жана STI-023 формаларын тапшыруудагы өзгөрүүлөр

pic

Урматтуу кардарлар, 2015-жылдын 15-июнуна караштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 358-токтомуна ылайык:

  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 8-тиркемеси - “Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНС (НДС) счет-фактураларынын реестри (DOC STI-022)”;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 9-тиркемеси - “Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНС (НДС) счет-фактураларынын реестрин тапшыруу жана толтуруу тартиби”;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 10-тиркемеси – “Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС (НДС) счет-фактураларынын реестри (DOC STI-023)”;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 11-тиркемеси – “Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС (НДС) счет-фактураларынын реестрин тапшыруу жана толтуруу тартиби”;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 12-тиркемеси – “Кыргыз Республикасынын бажы аймагына киргизилген товарлар боюнча жүктүк бажы декларацияларынын реестри (DOC STI-024)”;
  • Кошумча нарк салыгы боюнча счет-фактуралардын жогорку талаптуу отчеттуулугунун бланктарын колдонуу тартиби жана эсепке алуу жөнүндөгү Токтомдун 13-тиркемеси - “Кыргыз Республикасынын бажы аймагына киргизилген товарлар боюнча жүктүк бажы декларацияларынын реестрин тапшыруу жана толтуруу тартиби”

күчүн жоготкон болуп эсептелет.

Жогоруда аталган токтомдун 3-беренесине ылайык, токтом 2014-жылдын 29-майына караштуу Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулганы жөнүндөгү Келишим күчүнө кирген күндөн тартып, күчүнө кирет.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, FORM STI-022 жана FORM STI-023 формалары боюнча салык отчеттулугу июнь айынан баштап аталган тартипте тапшырылат. Аталган формалар кийинки отчеттук айда гана жокко чыгарылат, тактап айтканда, КНС (НДС) боюнча жаңы салык отчеттулугунун киргизилишине байланыштуу июль айынын отчеттулугунан тартып.

КНС (НДС) боюнча жаңы салык отчеттулугу жөнүндө кененирээк маалыматты  http://sti.gov.kg/STSDocuments/PObUtvFormNOAksizNDS.pdf шилтемеси аркылуу МСК сайтынан тааныша аласыздар.

 

13.07.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...

28.05.2025
Отчет тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу боюнча маанилүү маалымат

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык  Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...

28.04.2025
Майдын 1нен 11не чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...