Публикациялар

Кардарларды алыстан каттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду

pic

Каттоо процедурасын жеңилдетүү жана Бишкек шаарынан тышкары жайгашкан компаниялардын ыңгайлуулугу үчүн, «DosTek group» компаниясы он-лайн каттоо режиминин иштеп баштагандыгын кабарлайт. Эми каттоо процедурасын компаниянын кеңсесине келбестен, Кыргызстандын каалаган жеринен же дүйнө жүзүнүн каалаган өлкөсүнөн өтүүгө болот.

Биздин сайттын “Кардар болуу” бөлүмүндө катталуунун 2 түрү пайда болду: компаниянын кеңсесинде жана он-лайн. Компаниянын кеңсесинде катталуу керектүү документтерди топтоп, кеңсеге алып келүү жолу менен жүргүзүлөт. Алыстан катталууну каалаган компаниялар жана жеке ишкерлер, төмөнкү аракеттерди аркаруусу зарыл:

  1. Катталуунун он-лайн түрүн тандоо;
  2. Колдонуучунун келишмеси менен таанышуу;
  3. Он-лайн катталуунун формасын толтуруу жана керектүү документтерди тиркөө;
  4. Каттоо системасындагы издөө аркылуу буйрутманызды таап, текшерип коюу.

Он-лайн режиминде катталуу бардык укуктарга ээ жана кадимки кеңсеге келип катталудан бир гана айырмасы бар – ЭСККнун (электрондук-санариптик кол коюу) сактоочу каражаты катары булутта сактоо кызматын гана тандоого болот. Андан тышкары, он-лайн режиминде катталуу процедурасы көбүрөөк убакытты талап кылат, бирок 7 жумушчу күндөн ашпайт.

22.06.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
30.06.2025
Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылды

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Электрондук соода аянтчасына кирүү ишке ашырылганын билдирет. «Рутокен ЭЦП 2.0» же «Руток...

02.06.2025
6-июнь - Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтты өткөрүүгө байланыштуу 6-июнь (жума) - дем алыш күн болоорун кабарлайт. Айдын калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде, дүйшөмбүдөн жумага чейин иштейт. Ал эми СОчИ системасы 24/7...

28.05.2025
Отчет тапшыруу мөөнөттөрүн бузуу боюнча маанилүү маалымат

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн кийинки өтө маанилуу маалыматка бурат: Кыргыз Республикасынын Салык  Кодексинин 163-беренесинин 1-1 бөлүгүнө ылайык, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ...

28.04.2025
Майдын 1нен 11не чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 11не чейин (кошумча) дем алыш күндөр. Айдын калган күндөрүндө компания өзүнүн кадимки тартибинде иштейт. СОчИ системасы дема...