Электрондук отчеттуулук

Интернет аркылуу Отчет берүү Системасы кантип иштейт?

СОчИ – Сиздин отчетторуңузду төмөнкү мамлекеттик органдардын электрондук системаларына тез жана так жеткире турган автоматташтырылган ишенимдүү система:

Эмне үчүн биздин системаны тандоону сунуштайбыз?

  1. СОчИ 2009-жылдан бери токтоосуз иштеп, убакыттын да, колдонуучулардын да текшерүүсүнөн өттү..
  2. Система маалыматтын толук конфиденциалдуулугуна кепилдик бере алат, анткени документтер шифрленген түрдө жеткирилет.
  3. Жогоркуквалификациялуу адистер Сизге ар дайым жардамга келүүгө даяр.
  4. Система күнү-түнү, танаписсиз жана дем алышсыз иштейт.
  5. СОчИ аркылуу тапшырылган бардык отчетторуңуз системанын архивинде сакталат.
  6. Бардык отчет формалары логикалык-арифметикалык көзөмөл менен жабдылып, туура эмес берилме киргизүүнү алдын алат.


Тесттик компаниянын үлгүсүндө системанын ички көрүнүшү

  • Отчет формаларындагы өзгөрүүлөр жана салык төлөөчүлөргө тиешелүү мыйзамдагы жаңылыктарды Сиздерге кабарлап турабыз.

  • Отчеттуулук бөлүмүндө формалардын толук тизмеси, биздин система аркылуу тапшырган отчетторуңуздун архиви, ошондой эле отчетту толтуруу боюнча кеңири колдонмолор бар. Отчеттор ушул эле бөлүмдөн түзүлүп, тапшырылат.

  • Колдонуучунун Жеке кабинети 9 бөлүкчөдөн турат:
  • Основные реквизиты – бул жерден системада көрсөтүлгөн реквизиттердин актуалдуулугун ар дайым текшере аласыз.
  • Счета-фактуры – ар бир айдын 5не чейин өткөн айда колдонулган биздин кызматтар боюнча эсеп-фактураны электрондук түрдө ала аласыз.
  • Документы – колдонуу менен биздин компаниянын ортосундагы мамилени жөнгө салуучу документтер.

  • Поступления и списания – бул жерден системадагы балансыңызга которгон жана колдонулган кызматтар үчүн эсептен чыгарылган акча каражаттары боюнча маалыматты көрө аласыз.
  • Роли – бухгалтердин системадагы мүмкүнчүлүктөрүн башкаруу (бул бөлүкчө жетекчинин Жеке кабинетинде гана бар).
  • Отчеты на подпись – бухгалтер колун коюп, жөнөткөн отчеттор жетекчинин кол коюусунан кийин мамлекеттик органга жөнөтүлөт – бул жерден отчетторду текшерип, кол коюп, жөнөтсө болот.
  • КЭП – колтамга ээлери, алардын системадагы ролдору жана колтамганын иштөө мөөнөттөрү жөнүндө маалымат.
  • Акты сверки – салыштыруу актыларын автоматтык түрдө түзүү.

СОчИнин кызматтары канча турат?

Сиздин жеке төлөмүңүз айына, квраталына же жылына канча болоорун билүү үчүн, Тарифтик калькуляторго өтүп, керектүү кызматтарды тандаңыз.

СОчИ менен колдонууну кантип баштоого болот?

Колдонуу үчүн Кеңседе катталуу же Онлайн катталуудан (алыстан) өтүү керек.

Катталууга чейин, Документтер бөлүмүндө жайгашкан, Айкын оферта келишими жана Күбөлөндүрүүчү борбордун регламенти менен таанышуу сөзсүз шарт болуп эсептелет.