Публикациялар

КНС (НДС) төлөөчүлөр үчүн акция

pic

«Dos Tek Group» компаниясы КНС (НДС) төлөөчүлөр үчүн чектелген акция жөнүндө жарыялайт.

«Dos Tek Group» компаниясынын кардары боло элек КНС (НДС) төлөөчү бардык жеке ишкерлер жана компаниялар, биринчи каттоодон өткөн мезгилден тартып, 6 айдын ичинде (2015-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин), STI-022, STI-023, STI-062 формалары боюнча баштапкы отчетторду - 25% жеңилдик, ал эми тактоочу отчетторду – 75% жеңилдик менен тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алат.

«Dos Tek Group» компаниясынын кардары болгон КНС (НДС) төлөөчү бардык жеке ишкерлер жана компаниялар, өзүнүн балансын 3 000 сомго толуктоо менен, 6 айдын ичинде (2015-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин), STI-022, STI-023, STI-062 формалары боюнча баштапкы отчетторду - 25% жеңилдик, ал эми тактоочу отчетторду – 75% жеңилдик менен тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алат.

Балансты толуктоо – акцияга катышуу үчүн төлөм болуп эсептелбейт, которулган каражатты кардар компаниянын кызматтарын төлөөгө жумшаса болот.

Көңүл буруңуздар! Балансты толуктагандан кийин finance@dostek.kg дарегине "Акция по НДС" деген темада кат жөнөтүүңүздөр зарыл. Акция кат жөнөтүлгөндөн күндөн кийинки күнүнөн иштеп баштайт.

Биринчи жана экинчи деңгээлдеги бонуска ээ болгон Атайын акциянын катышучуларына аталган формалар боюнча жеңилдиктер автоматтык түрдө, 6 айлык мөөнөткө (2015-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин) ыйгарылат.

Жылдык акциянын катышуучуларына аталган формалар боюнча жеңилдиктер ошондой эле автоматтык түрдө, 6 айлык мөөнөткө (2015-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин) ыйгарылат.

Акциянын иштөө мөөнөтү: 2015-жылдын мартынын 16нан 31не чейин (кошумча).

Урматтоо менен,

«Dos Tek Group» Администрациясы.

13.03.2015 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...