Публикациялар

Алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

pic

Этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жыл сайын жогорулашына ылайык, 2021-жылдын январынан тартып бул продукциялардын түрлөрүнө акциздин жаңы ставкалары белгиленгендигин Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Бул ЕАЭБдин алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалды.

Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз 1 литр үчүн 100 сомдон 120 сомго чейин жогорулады. 2022-жылы акциз 140 сомду, 2023-жылдан тартып 160 сомду түзөт.

Этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 120 сом өлчөмүндө белгиленди, мурда бул ставка 100 сомду түзгөн. Кийинки 2 жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 70 сомдон 80 сомго чейин жогорулаган. 2022-жылы бул сумма 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт.

Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө калды.

Булак: https://www.sti.gov.kg

01.02.2021 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...