Публикациялар

2021-жылдын 1-январынан уюмдар жана жеке ишкерлер электрондук колтамга алуусу зарыл

pic

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсүнө байланыштуу, 2021-жылдын 1-январынан уюмдар жана жеке ишкерлер отчетторун, сөзсүз түрдө, квалификацияланган электрондук колтамга (КЭК) коюп, электрондук документ катары тапшыруусу зарыл.

Жогоруда аталган мөөнөттөн тартып салык төлөөчүлөрдүн топтолууларын азайтуу максатында, КЭКти алдын ала биздин кеңселердин биринен сатып алууну суранабыз:

- Бишкек ш., Коенкозов көч. 8, Бөкөнбаев көч. менен кесилиши (Тоголок Молдо атындагы парктын батыш тарабы),
Телефондор: 0312 960360, 0709 960360, 0558 960360, 0776 960360.

- Ош ш., Ленин көч. 205, 207-иш бөлмөсү (Профсоюз имараты),
Телефондор: 0556 960360, 0777 960360.

- Жалал-Абад ш., Ж.Бакиев көч. 36, 14-иш бөлмөсү (мэриянын жанындагы Келечек имараты),
Телефондор: 0557 960360, 0777 960360.

Кеңсеге документтер менен толтурулган буйрутманы ала келүү зарыл, документтердин тизмеси менен буйрутма биздин www.dostek.kg сайтыбыздын Документтер бөлүмүндө жайгашкан.

1 адамга электрондук колтамга менен Рутокен жеке сактагычынын баасы – 2285 сом.

Кошумча суроолор пайда болсо, жогоруда көрсөтүлгөн телефон номерлеринин бирине же office@dostek.kg электрондук почтасына кайрылыңыздар.

17.11.2020 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...

20.02.2024
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталарда кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 22-февраль (бейшемби) – кыска иш күнү саат 17.00гө чейин болот. 23-февраль (жума) – Мекенди Коргоочулардын күнүн белгилөөгө байланыштуу...