Публикациялар

Өзгөчө кырдаал мезгилинде кеңсенин иштөө тартиби

pic

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы бардык кардарларына, коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө кырдаал мезгилинде, кеңсенин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт.

2020-жылдын 23-мартынан баштап кеңсе өзгөчө тартипте, кеңсеге киргизүүсүз, иштейт. электрондук колтамга алуу жана жаңыртуу үчүн тапшырылуучу документтер атайын терезе аркылуу кабыл алынат. Документтерди тапшырууда төмөндөгү тартипти сактоону суранабыз:

  1. Бардык документтер (ишеним каттан тышкары) даярдалган көчүрмө түрүндө кабыл алынат (ксерокопия кызматы көрсөтүлбөйт);
  2. Ишеним кат (оригинал) толугу менен толтурулган түрдө тапшырылат (мөөр басынып, колдору коюлган);
  3. Уюм баштапкы катталууда, документтер менен бирге, Заявка на подключение формасы алдын ала толтурулуп тапшырылат;
  4. Уюмдун кызматкерине электрондук колтамга биринчи жолу алынууда документтер менен бирге, Заявка на специалиста формасы алдын ала толтуруп тапшырылат.

Документтердин тизмеси, ишеним кат жана заявкалардын формалары www.dostek.kg сайтындагы «Документтер» бөлүмүндө жайгашкан.

Жогоруда аталган мезгилде кеңседен отчет тапшыруу кызматы көрсөтүлбөйт – СОчИ системасы аркылуу отчет тапшыруу боюнча консультациялар оозеки же жазуу түрүндө – төмөнкү жол менен жүргүзүлөт:

  • 0312 960 360, 0706 960 360, 0558 960 360 же 0776 960 360 чалуу борборунун номерлери боюнча;
  • office@dostek.kg электрондук почтасынан;
  • www.dostek.kg сайтандыга онлайн-чат аркылуу.

Компаниянын кеңсеси өзүнүн кадимки тартибинде: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9.00дөн 16.00гө чейин иштейт.

СОчИ системасы – күнү-түнү, дем алышсыз иштей берет.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

23.03.2020 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...