Публикациялар

Июлдун 1нен КНС төлөөчүлөр электрондук отчеттуулукка өтүшөт

pic

«ДосТэк групп» компаниясы салык төлөөчүлөргө маалымдайт: «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86 жана 89-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн № 580-Токтомуна (2018-жылдын 12-декабрынан) ылайык, 2019-жылдын 1-июлу салык отчеттуулугун электрондук документ түрүндө квалификацияланган электрондук колтамга аркылуу берүүгө өтүүнүн мөөнөтү катары аныкталган.

Токтомго шилтеме: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/12799

Төмөн жакта Токтомдун 2-тиркемеси келтирилген:

Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн
ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ

Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын  "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүүнүн тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.

1-глава. Салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүдө электрондук кол тамганы колдонуунун тартиби

1. Салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулукка, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү берүүгө өткөнгө чейин жөнөкөй электрондук кол тамга менен кол коюлат.

2. Салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү электрондук документ түрүндөгү салыктык отчеттуулук ушул Тартиптин 2-главасына ылайык салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү берүүгө өтүү үчүн белгиленген мөөнөткө ылайык квалификациялык электрондук кол тамга менен кол коюлат.

2-глава. Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн мөөнөттөрү

3. Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүүгө өтүү салык төлөөчүлөр тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө ишке ашырылат:

Салык төлөөчүлөр

Өтүү мөөнөттөрү

1

Уюмдар жана жеке ишкерлер:

1) кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталгандар;

2) товарды импорттогондор жана/же экспорттогондор

2019-жылдын 1-июлунан

2

Ушул таблицанын 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдар жана жеке ишкерлер

2021-жылдын 1-январынан

3

Ушул таблицанын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлбөгөн салык төлөөчүлөр салыктык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү болгон мөөнөт

2022-жылдын 1-январынан

4. Таблицанын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө 2019-жылдын 1-июлунан тартып ыктыярдуу түрдө бере алышат.

26.04.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...