Публикациялар

Салык отчеттуулугунун үч түрүнө текшерүү шилтемелери кошулду

pic

«ДосТэк групп» компаниясы СОчИ системасынын колдонуучулары менен кубанычтуу кабар бөлүшкүсү келет. Төмөндөгү салык формаларынын тууралыгын текшерүү үчүн КР МСКнын сайтына шилтемелер кошулду:

- КНС (кошумча нарк салыгы) боюнча отчет (Form STI-062 ЕАЭС 2017);

- Салык агенти тарабынан кармалган киреше салыгы жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалымат (Form STI-017 2016);

- КР эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жеке жактардан салык агенти тарабынан кармалган киреше салыгы жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалымат (Form STI-058 2017).

Шилтеме СОчИ системасындагы отчеттук форманын бетинде, жогорку оң бурчунда жайгашкан. Системадагы отчет формасын толтуруунун алдында, шилтеме менен өтүп, ачылган беттен текшерилүүчү отчеттун түрүн тандап, эксель форматындагы даярдалган отчетуңуздун жүктөп, «Проверить» баскычын басыңыз.

Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша, отчетуңузду СОчИ системасындагы формага жүктөңүз же аныкталган каталарды эске алып, оңдоп чыгыңыз. Каталар оңдолгон соң, отчетту шилтеме аркылуу кайра текшерсеңиз болот.

Бул опция, отчетуңузду катасыз жөнөтүүгө, убактыңызды үнөмдөп, ашыкча чыгымга учурабоого жардам берет.

11.04.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...

20.02.2024
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталарда кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 22-февраль (бейшемби) – кыска иш күнү саат 17.00гө чейин болот. 23-февраль (жума) – Мекенди Коргоочулардын күнүн белгилөөгө байланыштуу...