Публикациялар

Декларация тапшырбаган мамлекеттик кызматкерлерге кандай чара көрүлөт?

pic

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин баары (жетекчилер жана бардык деңгээлдеги адистер) Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга тийиш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн расмий сайтында маалымдайт

КР МСКнын сайтында, Декларацияларды иштеп чыгууну жеңилдетүү максатында электрондук түрдө гана толтуруп, тапшыруу керектиги жазылган, бирок мамлекеттик органдын маалымат борборунан кызматкердин катталган жери боюнча салык органына кагаз түрүндө да тапшыруу мүмкүндүгү айтылды. Ошондой эле, «Декларирование государственных и муниципальных органов» деп аталган атайын бөлүмдө форманы толтуруу боюнча колдонмо бар.

Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялай баштайт, ал ошондой эле прокуратура органдарына да берилет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан тышкары, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

13.03.2019 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...