Публикациялар

Суроо-жооп: Жеке кабинеттеги өзгөрүүлөр, архив жана башкалар

pic

Сунуш:

«Кызматттардын төлөмүн бухгалтер тараптан да көрө алсак жакшы болоор эле».

Жооп:

Сунушуңузга рахмат. Мындай мүмкүнчүлүк СОчИ системасында өткөн айда ишке ашырылды. Эми, бухгалтердин Жеке кабинетинде да «Поступления» (баланска түшкөн каражаттарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет) жана «Списания» (колдонгон кызматтардын төлөмү эсептен чыгарылүүсун көрүүгө болот) бөлүктөрү бар.

Буга чейин, акча каражаттарынын түшүшү менен эсептен чыгарылышын, жетекчинин гана Жеке кабинетинен көрүүгө мүмкүн эле.

 

Сунуш:

«Саламатсыздарбы, архивдин жогору жагындагы тилкелерди жазуулары менен бекитип коюуңуздарды суранам. Анткени, өткөн мөөнөттөгү отчетторду көрүп жатканда, кайсынысы кайсы тилкеге тиешелүү экенин түшүнүү кыйын».

Жооп:

Сунушуңузга рахмат. Тилкелер, жазуулары менен архивдин жогору жагында бекитилет. Андан тышкары, «Тип отчета» аттуу жаңы тилке кошулат. Анда отчеттун түрү: баштапкы же тактоочу, кошумчалоочу же ликвидациялык экени көрүнүп турат. Сунушуңуз 2019-жылдын башында ишке ашырылат.

 

Сунуш:

«Соц.Фонддун отчетундагы тизмени алфавиттик ирээте жазыла турган кылса болобу»

Жооп:

Файлды отчет формасына жүктөөрдүн алдында, Excel программасынын жардамы менен алфавит ирээтине өткөрүп алууну сунуштайбыз. Файл системага жүктөлгөндө ирээти өзгөрүүсүз калат.

Тизмени Excel программасында алфавиттик ирээтке келтирүү үчүн «Данные» бөлүгүн ачып, керектүү тилкени белгилеп алыңыз. Андан соң, «Сортировка» баскычын басыңыз. Ачылган терезеден «От А до Я» ирээттөө тартибин тандап, «Ок» баскычын басыңыз.

03.12.2018 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
29.04.2024
Май айынын башында кеңселердин иштөө тартиби

“ДОС ТЭК ГРУПП” компаниясы май айынын башында кеңселеринин иштөө тартиби жөнүндө маалымдайт. Майдын 1нен 5не чейин (шаршемби-жекшемби) – май майрамдарына байланыштуу дем алыш күндөр. Майдын 6нан 8не чейин (дүйшөмбү-шаршемби) &ndas...

18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...