Электрондук кол тамга

Квалификацияланган электрондук колтамга деген эмне?

Квалификацияланган электрондук колтамганын (КЭК) уникалдуулугу, КР “Электрондук кол тамга жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жеке кол тамгага тең укуктуу болуп эсептелет. Ал эми юридикалык жактар үчүн кол тамганын да, мөөрдүн да ордуна колдонулат.

КЭК түрлөрү

Жетекчилик КЭК – жетекчинин атынан отчетко кол коюу үчүн компаниялардын жетекчисине жана жеке ишкерге берилет.

Башкы бухгалтердик КЭК – бухгалтердин атынан отчетко кол коюу үчүн компанияда туруктуу иштеген жана келип иштөөчү бухгалтерге берилет.

Бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчилик 2-чи КЭК – бухгалтердин атынан отчетко кол коюу үчүн бухгалтердин милдетин аткаруучу жетекчиге берилет.

Комплекстик КЭК – 2 же андан ашык компанияда бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү тейлөөчү бухгалтерлерге берилет. Жетекчинин ЭКТсы тейленүүчү компаниянын жетекчисине берилет, ал эми бухгалтер тейлеген компанияларынын баарына 1 гана комплекстик КЭК алат.

Лимитсиз, комплекстик КЭК – 2 же андан ашык компанияда бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү тейлөөчү бухгалтерлерге берилет. КЭКтин бул түрү комплекстүү КЭКтен айырмасы, ага кошулган компаниялардын саны чексиз болушу мүмкүн.

КЭКти кантип алуу керек?

Бүгүнкү күнү, КЭК биздин компаниянын кеңсесинде катталууда же онлайн катталуудан (алыстан) катталуудан кийин берилет. КЭК алуу үчүн сөзсүз шарт болуп, Документтер бөлүмүндө жайгашкан,

КЭКти кантип сактоо керек?

Компаниянын кардарларынын берилмелерин коопсуз сактоону камсыздоо максатында, КЭК корголгон гана каражаттарда сакталуусу мүмкүн. Мындай каражаттарга «E-Cloud» булуттагы сактагыч жана «RuToken» корголгон жеке сактагычы кирет. КЭКти сактоо каражаттары жөнүндө кененирээк маалыматты КЭКти сактоо бөлүмүнөн окууга болот.