Публикациялар

М2а формасындагы ишеним катты толтуруу талаптары

pic

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы электрондук колтамга жана «Рутокен ЭЦП 3.0» жеке сактагычын алууга  М2а форматындагы ишеним катты туура толтурууга көңүл бурууңуздарды суранат. Бул маанилүү документти толтурууга өтө жоопкерчилик менен мамиле жасоону суранабыз.

  1. М2а формасындагы ишеним кат, сөзсүз түрдө, документ тапшыруучу уюм же жеке ишкердин өкүлүнө (жетекчисине да) берилүүсү керек.
  2. Ишеним каттын бланкын биздин www.dostek.kg сайтыбыздагы «Документтер» бөлүмүнөн жүктөп, басып чыгарууга, биздин кеңселердин биринен алууга, канцелярдык товарлар дүкөндөрүнөн сатып алууга жана 1S программасынан чыгарып алууга болот.
  3. Документтин бардык саптары  www.dostek.kg сайтында «Жардам - Катталуу» бөлүмүндөгү үлгү боюнча толтурулуусу зарыл.
  4. Көңүл буруңуздар! Мөөр жана жетекчи, бухгалтер (эгер каралган болсо) жана ишенимдүү адамдын колу сөзсүз болушу керек. Коюлган колдор паспорттордогу үлгүгө туура келиши өтө маанилүү.
24.03.2023 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
18.03.2024
Үстүбүздөгү аптада компаниянын кеңселеринин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 21-марттан 24-мартка чейин (бейшемби – жекшемби) Нооруз майрамына байланыштуу дем алыш күндөр. 25-марттан бардык кеңселер кадимки тартипте иштөөнү улантат. Ал...

07.03.2024
Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен!

Урматтуу биздин кардарларыбыз! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын жамааты Сиздерди келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл Аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жан дүйнөңүздөрдө ар дайым Жаз болсун! Үйүңүздөрдө назик сүйүүгө, суктанууг...

05.03.2024
7-март - кыска иш күнү саат 17.00гө чейин

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы маалымдайт: 7-март (бейшемби) кыска иш күнү саат 17.00гө чейин, 8-март (жума) –  Эл Аралык Аялдар күнүн майрамдоого байланыштуу ден алыш күнү. СОчИ системасы өзүнүн кадимки 24/7 тартибинде иштэр...

20.02.2024
Жакынкы апталарда кеңселердин иш тартиби

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы жакынкы апталарда кеңселеринин иш тартиби жөнүндө маалымдайт. 22-февраль (бейшемби) – кыска иш күнү саат 17.00гө чейин болот. 23-февраль (жума) – Мекенди Коргоочулардын күнүн белгилөөгө байланыштуу...