Публикациялар

Кандай учурларда салык отчету кагаз түрүндө тапшырылышы мүмкүн?

pic

Азыркы күндө бардык салык отчеттору электрондук түрдө гана кабыл алынат, бирок тышкы факторлордун жана ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынан улам салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда, отчеттор кагаз түрүндө тапшырылуусу мүмкүн.

Салык отчетун электрондук документ түрүндө берүү тартиби жөнүндө жана салык отчетун кагаз түрүндө берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Жобосунун 15-бөлүмүнө жараша (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун 2-тиркемеси) төмөнкү мезгилде салык отчеттору кагаз түрүндө берилиши мүмкүн:

1) тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгондо;

2) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыкканда, башкача айтканда жер титирөө, сел каптоо же алдын алууга мүмкүн болбогон же алдын алууга мүмкүн, бирок болтурбоого мүмкүн болбогон башка жагдайлар сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбоого мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо. Аталган жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолордун болушу жана атайын далилдөө каражаттарын талап кылбаган башка ыкмалар менен белгиленет.

Ушул эле Жобонун 16-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй: Тышкы факторлор боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасынын ишинде бузулуулар болгон учурда тийиштүү маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырылат.

21.11.2022 Жаңылыктар тизмесине
Башка жаңылыктар
09.06.2026
Башкы кеңсенин көчүшү жана компаниянын жаңы филиалынын ачылышы

Урматтуу кардарлар! «ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясынын башкы кеңсеси Вефа борборунун аймагына көчүүдө жана 2026-жылдын 15-июнунан тартып жаңы даректе ишин баштайт. Коёнкөзов көчөсү, 8 дарегинде тейленип келген кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн ...

25.05.2026
27-май – компанияда дем алыш күн

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Курман Айтка байланыштуу, 27-май дем алыш күн болоорун маалымдайт. СОчИ системасы 24/7 тартибинде, дем алышсыз жана тыныгуусуз иштээрин эсиңиздерге салабыз. ...

23.04.2026
Майдын 1нен 10на чейин (кошумча) – дем алыш күндөр

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы кардарлары менен өнөктөштөрүнө маалымдайт: май майрамдарына байланыштуу, майдын 1нен 10на чейин (кошумча) дем алыш күндөр. 11-майдан компаниянын бардык кең╛селери өзүнүн кадимки тартибинде иштөөнү улантат. СОч...

18.03.2026
20-март – компанияда дем алыш кун

«ДОС ТЭК ГРУПП» компаниясы, Орозо Айтты майрамдоого байланыштуу, 20-март дем алыш күн болоорун маалымдай. Калган күндөрү компания өзүнүн кадимки иш тартибинде дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. ...